Оторбаев УБга өлкөнүн финансы рыногундагы жагдайды көзөмөлдөп турууга тапшырма берди

© Фото / Спутник Кыргызстан / Эрнис ТемирканАрхив: сом
Архив: сом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Оторбаев коңшу өлкөлөрдүн валюта рыногундагы жагдайдан улам, КРдин финансы рыногундагы абалды көзөмөлгө алып туруу боюнча Улуттук банкка тапшырма берди.

БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов менен өлкөнүн финансы рыногундагы азыркы абалды талкуулады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Өкмөт башчы коңшу өлкөлөрдүн валюталык рыногундагы абалга байланыштуу Кыргызстандын финансы рыногундагы учурдагы абалга терең талдоо жүргүзүп, тобокелдиктерди карап чыгуу зарылдыгын айтты. 

"Биздин финансы рыногубуздагы тобокелдиктерди карап чыгып, бул багыттагы мамлекеттик саясатты туура жүргүзүүнү колдой турган чараларды кабыл алуубуз керек", — деди Жоомарт Оторбаев.

Рублдин кунунун түшүшү эмгек мигранттарына кыйынчылык жаратты
Абдыгулов Улуттук банк инфляцияны азайтуу, валюталык рынокту жана коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди.

Абдыгуловдун айтымында, рубль курсунун төмөндөшүнө байланыштуу Россиядан Кыргызстанга жөнөтүлгөн акчалай которуулар кескин кыскарышы ыктымал.

Премьер-министр азыркы абалдан улам, Мамлекеттик материалдык резервдер фондун дан жана күйүүчү-майлоочу майлардын запасын даярдоого милдеттендирди. Андан сырткары Мамлекеттик антимонополдук жөнгө салуу агенттигине өлкө рыногундагы бааларды үзгүлтүксүз көзөмөлгө алып турууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0