Кыргызстандын мамлекеттик сырткы карызы 3 млрд. 420 млн долларды түздү

Жазылуу
Кыргызстандын тышкы карызы 3,5 миллиард долларга жакындады. Бул карызды ар бир кишинин башына бөлө келгенде өлкөнүн ар бир жараны 590 доллардан карыз.

БИШКЕК, 17-дек — Sputnik. 2014-жылдын октябрь айынын аягына алынган маалыматка ылайык, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 3 миллиард 637 миллион долларга жеткенин Каржы министрлиги билдирди.

Архив: Асылбек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Парламент министрлердин сапарына кеткен каражатты текшерүү ниетинде
Карыздын негизги бөлүгү 94 пайызы тышкы карызга туура келип, ал 196 миллиард 155 миллион сомду түзөт, башкача айтканда, 3 миллиард 420 миллион доллар. Бул карызды өлкөдөгү ар бир жаранга бөлө келгенде 590 доллардан туура келет. Акыркы маалыматтар боюнча Кыргызстандын калкы 5 миллион 776 миң 600 кишиге жеткен.

Карызды жабуу үчүн 2014-жылдын 11 айында Каржы министрлиги 12 миллиард 471 миллион 308 миң сом которгон. Анын ичинен сырткы карызды жабууга 4 миллиард 697 миллион 297 миң сом бөлүнсө, ички карызды жабуу үчүн 7 миллиард 774 миллион 11 миң сом бөлүнгөн.

Мамлекеттин ички карызы быйыл 12 миллиард 431 миллион сом, же 217 миллион долларды түзөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0