Санкт-Петербургдагы ишканаларга кыргызстандыктарды кабыл алуу улантылат

Жазылуу
Кыргыз-Санкт-Петербург кызматташуусу боюнча түзүлгөн өкмөт аралык комиссия бүгүн Бишкекте миграция, саламаттыкты сактоо, социалдык саясат, айлана-чөйрөнү коргоо, маданият, билим берүү жана илим жаатындагы маселелерди талкуулады.

БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Бишкекте Кыргыз-Санкт-Петербург соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча өкмөт аралык биргелешкен комиссиясынын VI кеңешмеси өттү. Бул туурасында өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Кеңешме КР Вице-премьер-министри Валерий Дилдин жана Санкт-Петербург Өкмөтүнүн мүчөсү, Санкт-Петербургдун тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы Евгений Григорьевдин төрагалыгы астында болду. 

"2014-жылдын алты айында Кыргызстан жана Санкт-Петербургдун тышкы соода көлөмү 3 эсеге жогорулап, 47,8 миллион долларды түздү. Бул факт бизге келечектеги кызматташууга үмүт берет», — дейт вице-премьер-министр Валерий Диль.

Евгений Григорьев кызматташуу алкагында Санкт-Петербург шаарындагы эмгек рыногунун абалын маалымдоо максатында Бишкек шаарындагы жумуштуулук борборунун базасында кеп-кеңеш бере турган пункт уюштурулгандыгын билдирди.

"2012-2014-жылдары Санкт-Петербург шаарынын 30 университетинде 211 кыргызстандык студент окуп, ал эми 27 студент орто кесиптик билим берүү программасы боюнча окуудан өткөн. Маданий-гуманитардык жааттагы кызматташууну кеңейтүү максатында Россия Өкмөтү Кыргызстан жарандары үчүн 10дон 15 миң жаранга дейре жогорулатуу чечимин кабыл алды», — деди Григорьев.

Жыйында эмгек, жумуштуулук, миграция, саламаттык сактоо жана социалдык саясат, айлана-чөйрөнү коргоо, маданият, билим берүү жана илим жаатында, о.э. ишкердүүлүк, курулуш тармагындагы кызматташуу маселелери талкууланды.

Комиссия КР Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине Санкт-Петербургдун Эмгек жана жумуштуулук борбору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарын Санкт-Петербург ишканаларындагы бош орундарга уюшкан түрдө кабыл алуу ишин улантуусун сунуштады.

Кыргыз-Санкт-Петербург соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуу боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны 2015-жылдын орто ченинде Санкт-Петербург шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0