Валерий Диль бүгүн Москвада ЕЭБ кеңешмесине катышат

Жазылуу
Вице-премьер-министр Москвада ББга кирүү даярдыгы боюнча кезектеги жыйынга катышат.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. Вице-премьер-министр Валерий Диль бүгүн Москвада өтүүчү Евразиялык экономикалык биримдиктин кезектеги кеңешмесине катышат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Оторбаев: ЕЭБге кошулууда улуттук кызыкчылык эске алынышы керек
Москвада Диль Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу жөнүндө келишим долбоорун даярдоо жана бекитүү максатында Москва шаарында өтө турган Евразиялык экономикалык биримдигинин кезектеги кеңешмесине катышат. 

Даярдалып бүткөндөн кийин Келишим долбоорун Москва шаарында 23-декабрда мамлекет башчылардын деңгээлинде өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында кароо пландаштырылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0