Кыргызстан делегациясы Беларусияга тажрыйба алмашуу үчүн барат

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАрхив: Минск шаары
Архив: Минск шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош жана Нарын дубандарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү Минск шаарына барат.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. Кыргызстандын делегациясы Беларусияга эки республиканын жергиликтүү органдарынын ортосунда инвестиция тартуу, аймактарда жагымдуу инвестициялык климат түзүү, эркин экономикалык соода аймактарын жана бийлик органдарынын өз ара иштешүүсүн өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу үчүн барат. 

Белорусияда кыргыз делегациясы "Минск", "Могилев" Эркин экономикалык аймактарына, кытайлык-белорусиялык индустриалдык паркка барып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштеген кесиптештери менен жолугуп, өз ара кызматташуу жана инвестициялык долбоорлорун талкуулашат. 

Кыргыз делегациясынын курамында Нарын жана Ош облустарынын, Нарын жана Ош мэрияларынын, Нарын эркин соода аймагынын, КРдин Соода өнөр-жай палатасынын жана КРге инвестиция тартуу Агенттигинин өкүлдөрү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0