Парламентте ББга кошулууга байланыштуу мыйзам долбоорлору каралууда

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАрхив: "Багратионовский" бажы постунун жумушчусу
Архив:  Багратионовский бажы постунун жумушчусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеӊеште өлкөнүн Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусуна байланыштуу мыйзам долбоорлору каралууда.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Жогорку Кеӊеште өлкөнүн Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуусуна байланыштуу мыйзам долбоорлору каралууда.Бул туурасында ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын ичинен энергетика, экологиялык коопсуздук, айлана-чөйрөнү коргоо, айыл чарбасы жаатындагы мыйзам топтомдору экинчи окуудан өтүп, добуш берүүгө жөнөтүлдү. Аталган мыйзам долбоорлорунун басымдуу бөлүгүн ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети алып чыкты.

Буга чейин экономика министри Темир Сариев Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусуна байланыштуу мыйзам долбоорлорунун экинчи топтому Жогорку Кеңеште каралып, биринчи окууда кабыл алынганын эске алуу менен, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү алкагында 110 келишим түзүлөрүн, ал эми Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу алкагында дагы 18 келишим түзүлө турганын белгилеген.

Бажы биримдигине кирүүгө даярдык көрүү процессинде баш-аягы 112 ченемдик укук актылары каралса, анын 32си мыйзам болуп саналат. Жаңы уюмдун келишимдик-укуктук базасына ылайык, Кыргызстан өзүнүн улуттук мыйзамдарын Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдүн мыйзамдарына шайкеш келтирүүгө тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0