Сарпашев: 2017-жылга карата салык патенттерин жоюу пландаштырылууда

Жазылуу
ЖК депутаттары патенттик система менен салык төлөөнү жоюу ишкерлерге терс таасирин тийгизет деген пикирди айтышууда.

БИШКЕК, 3-дек — Sputnik. Жаңы фискалдык саясат иштелип чыгууда — 2017-жылга карата салык патенттерин жоюу пландаштырылууда, деп парламенттин бюджет жана каржы боюнча комитетинин отурумунда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдирди.

КСДП фракциясынын депутаты Алла Измалкова ири салык төлөөчүлөрдүн бюджеттин киреше бөлүгүнө тийгизген таасири туурасында көйгөйгө көңүл бурду. Анын сөзүнө караганда, булар майда салык төлөөчүлөргө караганда 27 эсе көп төлөшөт. 

"Бүгүнкү күндө өлкөдө 200дөн ашык карыз болуп калган ишкерлер бар. Биз азыркы экономикалык жагдайда ишкерлерибизди жоготуп алышыбыз мүмкүн", — деп билдирди Измалкова.

Архив: доллар - Sputnik Кыргызстан
Парламент экинчи окууда 2015-жылдын бюджетинин долбоорун кабыл алды
Сарпашев жооп кайтарып, бардыгы салыкты бирдей төлөшү керектигин белгиледи. Анын маалыматы боюнча, 2017-жылга карата салык төлөөнүн патенттик системасын жоюу пландаштырылууда. Бүгүнкү күндө жаңы фискалдык саясат иштелип чыгууда. Программа үч этапка бөлүнгөн. 2015-жылга чейин эсептелинген биринчи программада кайсы ишканалар патенттер системасынан кадимки бухгалтерияга өтө тургандыгы көрсөтүлгөн. Калган ишканалар бул системага 2016 жана 2017-жылдары өткөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0