Өкмөт "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөрдүн аягына чыгууну пландаштырууда

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүАрхив: Кумтор
Архив: Кумтор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев парламентте сүйлөгөн сөзүндө "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр жылдын аягында бүтө тургандыгын жарыялады.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев парламентте сүйлөгөн сөзүндө "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөр жылдын аягында бүтө тургандыгын жарыялады. 

Анын сөзүнө караганда, өлкөгө канадалык тараптын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн келишти, жуманын аягына чейин сүйлөшүүлөр аягына чыгып калышы мүмкүн. 

"2014-жыл үчүн дивиденддерди төлөп берүү жөнүндө макулдашылгандай, келишимге 2015-жылдын январь-февралында кол коюлса да, биз баары бир аларды канадалыктар менен теңме-тең бөлүшөбүз",— деп белгиледи Сарпашев.

Өз кезегинде, "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги Токон Мамытов аркылуу азырынча "Кумтөр" боюнча сүйлөшүүлөргө чекит коюу эртелик кыла тургандыгын билдирди. 

"Азырынча датаны так белгилеп айтуу кыйын, анткени соттук териштирүүлөр өтө көп болуп жатат", — деп баса белгиледи Мамытов.

Парламенттин ушул эле отурумунда төрага Асылбек Жээнбеков өкмөт "Кумтөр" маселеси менен тыкыр иш алпарышы керектигин, болбосо бул маселенин чечилишин Жогорку Кеңеш өзүнө ала тургандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0