Парламент министрлердин сапарына кеткен каражатты текшерүү ниетинде

© Фото / пресс-служба ЖК КРАрхив: Асылбек Жээнбеков
Архив: Асылбек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖК спикери парламент депутаттары бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында иш сапар учурунда учакта жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн арзан түрүн колдонушаарын айтты.

БИШКЕК, 3-дек — Sputnik. Парламент депутаттары бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында иш сапар учурунда учактын жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн эконом-класс үлгүсүн гана колдонушаарын билдирди Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков.

2015-жылга карата бюджет маселеси парламентте каралып жаткан учурда "Республика" фракциясынын лидери Максат Сабиров аткаминерлер командировкаларга 430 миң сом өлчөмүндө каражат короткондугу жөнүндө маалыматты текшерүү зарылдыгын айтып чыкты. 

"Депутаттар командировка учурунда тейлөөнүн жалаң гана эконом-класс үлгүсүнөн колдонушат. Ошон үчүн министрлер бизнес-класстан пайдаланганбы-жокпу экендигин текшерип көрүү керек. Акчаны үнөмдөө керек да",— деп анын сөзүн колдоду Жээнбеков.

Эсеп палатасы шейшемби күнү 2013-жылдагы аудит боюнча Каржы министри Ольга Лаврованын жумушчу сапарлар учурунда учактын бизнес-класс үлгүсүндө тейленүүсү үчүн жумшалган 630 миң сом каражаттын сарамжалсыз пайдаланылгандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0