Жээнбеков: азыркы этапта ЕврАзЭШ тарыхый миссиясын аткарды

© Фото / пресс-служба ЖК КРЖогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков ЕврАзЭШ тарыхый миссиясына баа берди.
Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков ЕврАзЭШ тарыхый миссиясына баа берди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бейшембиде Санкт-Петербург шаарында этапта ЕврАзЭШ тарыхый миссиясына баа берди.

БИШКЕК, 28-ноя – Sputnik. Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бейшембиде Санкт-Петербург шаарында Евразиялык экономикалык шериктештиктин Парламенттер аралык ассамблеясынын Бюросунун жыйынтык жыйынында ЕврАзЭШтин 14 жылдык ишинин аякташына байланыштуу билдирүү жасады.

"ЕврАзЭШ иштеген 14 жыл аралыгында ал өзүнүн түйүндүү милдеттерин аткарып, евразиялык интеграциянын ырааттуу өнүгүшүн камсыз кылды, ББ менен Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү, ошондой эле 2015-жылдын 1-январынан тарта Евразиялык экономикалык биримдикти баштоо негизин салды", — деди Жээнбеков. Бул туурасында ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков кыргыз тарап 2014-жылдын 29-майында кабыл алынган Евразиялык экономикалык бирлик жөнүндө Келишимге Кыргызстандын кошулуусу жөнүндө Келишимдин долбоорун иштеп чыгууга киришкендигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0