Федерация Кеңеши Россия-Кыргызстан кызматташуусун ратификациялады

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАрхив: Федерация Кеңешинин жыйыны
Архив: Федерация Кеңешинин жыйыны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Федерация Кеңеши ратификациялаган макулдашуу агроөнөр жай, тигүү жана кездеме, кайра иштетүү, тоо кендерин иштетүү, металлургия өндүрүшү жаатында өз ара кызматташып иш алып барууну өнүктүрүүгө багытталган.

БИШКЕК, 27 ноя — Sputnik. Федерация Кеңеши шаршемби күнү Кыргызстан менен Евразия экономикалык интеграция  шартында экономикалык кызматташууну өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык макулдашууну ратификациялады. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Кыргыз-россиялык өнүгүү фонду түзүлөт
2014-жылдын 29-майында кол коюлган макулдашуу агроөнөр жай, тигүү жана кездеме, кайра иштетүү, тоо кендерин иштетүү, метталлургия өндүрүшү жаатында өз ара кызматташып иш алып барууну өнүктүрүүгө багытталган. Андан сырткары транспорт, турак-жай курулушу, соода, ишкердик да көз жаздымда калбай  турган болгон.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондун эл аралык форамада түзүү пландалууда. Анын макамы, аткара турган иштери, түзүмү жана кызматташуунун тартиби өзүнчө бөлөк макулдашуу менен аныкталмакчы.

Россия тарап кыргыз тараптын бул тармактагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча ала турган каражаттарын тең үлүштүү капиталдык фондду эки жыл ичинде түзүү аркылуу камсыздайт. Уставдык капитал 500 миллион доллар өлчөмүндө жана тартыла турган каражаттар жарым миллиарддан аз болбой турганы пландалууда. Андан сырткары, орус тарап Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүндөгү Жол картасына ылайык эки жыл ичинде кайтарымсыз 200 миллион доллар берет.

Буга чейин Россиянын өкмөтү биргелешкен кыргыз-орус өнүгүү фондун түзүү боюнча идеяны колдоого алышкан болчу.


Жаңылыктар түрмөгү
0