Оторбаев ББга кирүү боюнча даярдыкты декабрга чейин аяктоону сунуштады

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүАрхив: Москва шаарындагы Шереметьев аэропорту
Архив: Москва шаарындагы Шереметьев аэропорту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча келишимге Жогорку экономикалык кеңештин 23-декабрга белгиленген кезектеги жыйынында кол коюулушу күтүлүүдө.

БИШКЕК, 24 ноя — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча ченемдик-укуктук базаны декабрдын аягына чейин даярдап бүткөрүүнү өкмөткө тапшырды. Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча келишимге 23-декабрда кол коюу пландалууда. Май айында Астанада болгон Евразиялык экономикалык жогорку кеңеште Кыргызстандын ББга кошулуу иш-чараларынын планына кол коюлган. Учурда мыйзам долбоорлорунун зарыл болгон топтому Жогорку Кеңештин кароосунда. Кыргызстан бардык документтерди кабыл алууга үлгүрө тургандыгына кыргыз өкмөтү ишендирүүдө.

"Ченемдик-укуктук базанын бардыгын тийиштүү деңгээлге алып келүү үчүн жасалып жаткан иштер декабрь айына чейин аякташы керек. 23-декабрда мамлекет башчыларынын деңгээлинде пландалып жаткан Жогорку экономикалык кеңештин жыйынында Кыргызстандын Евразиялык экономикалык аймакка кошулуусу боюнча маселени кароону сунуштайбыз", — деди Оторбаев бүгүн министрлер кабинетинин жыйынында. 

Экономика министринин орун басары Данил Ибраев Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча "жол картасы" 59 ченемдик жана укуктук актылардын Бажы биримдигинин регламенттерине шайкеш келтирүү үчүн кабыл алуу менен ишке аша турганын белгиледи. 16 мыйзам долбоору бирдиктүү пакет менен Жогорку Кеңешке киргизилгенин жана 12 мыйзам долбоору каралып жатканын кошумчалады. Анын ичинен 8и өкмөт тарабынан жактырылган. Сунушталып жаткан бардык мыйзам долбоорлору өкмөттүн расмий сайтына жайгаштырылып, коомдук угуудан өткөн. Андан сырткары, өкмөттүн 20га жакын токтому кабыл алынуу алдында турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0