Кыргызстандын 18 тоннадан ашык курмасы Россияга киргизилген жок

© Sputnik / Рухкян / Медиабанкка өтүүАрхив: Кар алдында калган курма
Архив: Кар алдында калган курма - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карантинге алынган продукциялардын документтерин текшерүү маалында алардын фитосанитардык сертификаты жок болуп чыккан. Курма Казакстандын аймагына кайта жиберилди.

Төө буурчак экспорту эми Түркияда талкууланмакчы
БИШКЕК, 24 ноя — Sputnik. Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө федералдык кызматынын Новосибирскидеги кызматкерлери Казакстан аркылуу Россияга ташылып келе жаткан Кыргызстандын курмасын өткөрбөй коюшту. Бул тууралуу аталган федералдык кызмат билдиргенин РИА новости маалымдады.

"Жалпы салмагы 18,2 тонна болгон жана Кыргызстанда өстүрүлгөн курма Новосибирск шаарына Казакстандан автоунаа менен ташылып келе жаткан. Инспекторлор анын документтерин текшере келгенде аталган жер-жемиштин фитосанитардык коопсуздугун тастыктаган тийиштүү сертификаты жок болуп чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.

Россиянын карантин боюнча мыйзамына ылайык, мындай жүктөрдү ташып келүүгө тыюу салынат. Курма Казакстанга кайта жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0