Кыргызстанда аба транспортунун жүргүнчүлөр жылдан жылга көбөйүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: "Манас" аэропортундагы учак
Архив: Манас аэропортундагы учак - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык авиация Кыргызстанда жакшы темпте өнүккөнү менен, аталган тармак Европа биримдиктин мамлекеттеринин кара тизмесинде турат.

БИШКЕК, 24-ноя — Sputnik. Кыргызстандагы жарандык авиациянын өнүгүшүнө аба мейкиндигин либералдаштыруу аракети жакшы таасир берди. Бул тууралуу экономика министри Темир Сариев жума күнү “Кыргызстандын жарандык авиациясы: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” аттуу тегерек столдо билдирди.

Учурда жарандык авиация тармагында чечүүнү талап кылган көйгөйлөр арбын. Аэропорттордун өндүрүштүк кубатынан төмөндүгү, учак паркынын, атайын техникалардын эскилиги тез арада чечилүүнү талап кылат. 

"Кыргызстандын авиакомпаниялары "кара тизмеге" түшүп калгандыктан Евро биримдиктеги мамлекеттер менен түз байланышууга тоскоолдуктар жаралууда. 

"Кара тизме" көйгөйү Түштүк-Чыгыш жана Чыгыш Азия мамлекеттери менен да бар. Акыркы 7 жылда Кыргызстандын авиациялык тармагында жергиликтүү жана чет элдик компаниялар тарабынан жүргүнчүлөрдү ташуу өтө ылдамдык менен өскөн. Каттамдардын өсүшү бир жылда орто эсеп менен 8%га, ал эми жүргүнчүлөрдү ташуу 15%га өскөн", — деди Сариев.

Эгер 2009-жылы каттамдардын саны 19 миңдин тегерегинде болсо, 2013-жылы ал 26 миңге жакындап барган. Ал эми жүргүнчүлөрдү ташуу 2009-жылы 1 миллиондун тегерегинде болсо, былтыр алардын саны 2,5 миллионго чукулдаган. 

Жүргүнчүлөрдү ташуу негизинен "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропорттору аркылуу ишке ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0