Төө буурчак экспорту эми Түркияда талкууланмакчы

© Sputnik / Нургуль МаксутоваУрожай фасоля в Таласе
Урожай фасоля в Таласе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз өкмөтү Түркияга буурчак экспорттоонун эки түрүн сунуш кылды. Ал эми экинчи тарап министр Айдаралиевди бул маселени талкуулоо боюнча Анкарага чакырды.

Депутат: төө буурчак алган фирмаларды Курманалиева көзөмөлдөйт экен
БИШКЕК, 18-ноя — Sputnik. Бүгүн Бишкекте Кыргызстандан Түркияга сатыла турган төө буурчак маселеси экспортчулардын өздөрү менен талкууланды. Бул туурасында Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Министр Таалайбек Айдаралиев түркиялык делегация мүчөлөрү менен төө буурчакты сыртка сатуу маселесин сүйлөштү. Ал делегация өкүлдөрүнө экспорттоло турган продукция аталган министрликтин жоопкерчилиги астында жасалат деген меморандумду сунуштады. 

"Бартердик жол менен, сиздер техника бересиздер, а биз төө буурчак чыгарабыз да, өкмөттүн көзөмөлүндө боло турган кыргыз-түрк ишканасын түзүү керек", — деди министр Айдаралиев. 

Андан сырткары Кыргызстан тараптан эки тараптуу кызматташуу түзүү, төө буурчакты биргелешип  өстүрүү сунушу болду. Делегация мүчөлөрү булардын баарын Түркиянын айыл чарба министрине жеткирип, ал министрликтин алкагында талкууланаарын айтышты. 

Конокторго Кыргызстанда өстүрүлгөн буурчактардын бардык түрлөрү көрсөтүлүп, алар Түркияда көбүрөөк суроо-талап менен колдонулганын тандап, үлгү катары алып кетишти. 

Министр Айдаралиевди төө буурчак маселеси боюнча алардын айыл чарба жана экономика министрлери менен сүйлөшүп кетүүгө Түркияга чакырышты. Буга жооп иретинде Айдаралиев жакынкы арада ал жакка барып, экспорт маселесин талкуулап келгенге даяр экендигин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0