2015-жылга жергиликтүү бюджеттер 16 миллиард сомду түзөт

© Sputnik / Юлия Честнова / Медиабанкка өтүүАрхив: Эсепчи
Архив: Эсепчи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дотациядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоо үчүн мыйзам долбоорунда стимул бере турган гранттар түрүндө келерки жылга 400 миллион сом каралууда.

БИШКЕК, 13-ноя — Sputnik. 2015-жылга карата республиканын жергиликтүү бюджеттеринин долбоору 16 милилард сомду түзөт деп билдирди Каржы министри Ольга Лаврова.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө 2015-жылы 243 млн. сом бөлүнөт
Парламенттин пленардык отурумунда 2015-жылдын бюжеттик долбоору жана 2016-2017-жылдарга карата алдын ала божомолдор каралууда. Бюджеттик процесске ылайык,2014-жылдын августунан тартып долбоор Жогорку Кеңештердин комитеттери менен фракцияларында каралып башталган. 

2014-жылга салыштырганда жергиликтүү бюджеттердин долбоорунун жалпы көлөмү 804,9 миллион сомго өсөт деп билдирди министр. Жергиликтүү бюджеттердин бул өсүшү негизинен жергиликтүү бюджеттердин көбөйүшү менен байланышкан. Жалпысынан жергиликтүү бюджеттин көлөмү 16 миллиард 600 миллион 300 миң сомду түзөт.

Дотациядагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын колдоо үчүн мыйзам долбоорунда стимул бере турган гранттар түрүндө 2015-жылга 400 миллион сом, ал эми "капиталдык салымдар" боюнча 2 миллиард 100 миллион сом каралган. Табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу чараларына 2015-жылга 450 миллион сом белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0