Терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү жолдору Бишкекте талкууланууда

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСитуация в сирийском городе Маалула
Ситуация в сирийском городе Маалула - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын өкүлдөрү жасалган анализдердин негизинде терроризмге каршы күрөшүүнү күчөтүү үчүн андан аркы багыттарды аныктап жатышат.

БИШКЕК, 12-ноя — Sputnik. Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн террорчулукка каршы борборлору регионалдык адистер менен бирлегикте терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кезектеги кеңешмесин өткөрүүдө.

Мындай иш-чара адатта жыл аяктап бара жатканда өтүп, анда КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтардын өкүлдөрү жасалган талдоолордун негизинде терроризмге каршы күрөшүүнү күчөтүү үчүн андан аркы багыттарды аныктайт.

Адистер бул сапар басым жасалган багыттардын бири зомбулукка кабылткан экстремизмге каршы туруп жана анын КМШ аймагында кездешүүсүнүн анын алдын алуу болду.

Андан сырткары, эл аралык террористтик уюмдарга КМШ өлкөлөрүнүн жарандарынын тартылышына бөгөт коюу, экстремисттик жана терррористтик кылмыштары үчүн эл аралык издөөгө алуунун натыйжасын арттырууну жакшыртуу каралды.

Адистер Афганистандан НАТО күчтөрү чыгып кеткенден кийин Борбор Азиядагы абалга мониторинг жүргүзүп туруучу убактылуу топту түзүүнү талкуулашмакчы.

Кеңешмеге Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын коопсуздук жана тартип коргоо органдарынын, атайын кызматтарынын делегациялары катышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0