Сентябрь айында импорттолгон машиналардын көлөмү өтө эле көп болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхив: Бишкектеги көчөлөрдүн бири
Архив: Бишкектеги көчөлөрдүн бири - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга колдонулган машиналар эң көп импорттолгон.

БИШКЕК, 11-ноя — Sputnik. 2014-жылдын 9 айында Кыргызстанга 64 миң колдонулган машина жана 1700 жаңы машина импорттолгон. Бул тууралуу маалымат жыйында Улуттук статистикалык комитеттин өкүлдөрү билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, сентябрь айында импорттолгон машиналардын саны он миңден ашкан.

"Сентябрь айында өлкөгө 10 миң колдонулган машина жана болгону 200 гана жаңы машина алынып келген", — дейт алар. 

Белгилей кетсек, Кыргызстанга негизинен Прибалтика мамлекеттеринен, Кореядан, Япониядан, Германиядан, Америкадан машиналар алынып келет. Жарандар Бажы биримдигине киргенден кийин машинага болгон баа көтөрүлөт деген жүйөө менен аларды көп алып келүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0