Кыргызстан ББга кирүүдө экономиканын өнүгүү сценарийлерин иштеп чыгат

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАрхив: Щелков бажысыны Мамонтов бажы өтмөгү
Архив: Щелков бажысыны Мамонтов бажы өтмөгү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын экономика министрлиги өлкөнүн ББга жана Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүндө макроэкономикалык программаны иштеп чыгууга даярданып баштады.

БИШКЕК, 5-ноя — Спутник Кыргызстан. Макроэкономикалык программаны иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйынына тиешелүү делген министрлик менен ведомствонун адистери, Улуттук статистикалык комитеттин, Улуттук банктын жетекчилери, өкмөттүн аймактардагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери катышты.

Ведомстволор аралык комиссия Кыргызстандын ББга жана ЕЭБге кирүүсүндөгү пайда менен тобокелчиликтерди комплекстүү түрдө баалоо максатында түзүлгөн.

Сариев жумушчу топтун мүчөлөрүнө кайрылып жатып, алдыга коюлган милдеттерди белгиледи. Ведомстволор аралык комиссия 2015-2020-жылдарга карата Кыргызстандын макроэкономикалык өнүгүү сценарийлерин түзүү жана маалыматты даярдоо маселелеринин алкагында талкууларды өткөргөн.

Кыргызстандын өкмөтү Россия, Белоруссия жана Казакстан кирген Бажы биримдигине кошулуу боюнча расмий сунуш менен 2011-жылдын жазында кайрылган. Ошол эле жылдын октябрь айында ЕврАзЭШтеги мамлекеттердин өлкө башчыларынын сүйлөшүүсүндө Кыргызстанды Бажы биримдигине кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алынып, жумушчу топ түзүлгөн. Кыргызстанды евразиялык союзга кошуу жөнүндө иш-чаранын планы 2014-жылдын 29-майында Астанада жактырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0