Өкмөт көмүрдүн баасын жөнгө салмакчы

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүАрхив: Көмүр
Архив: Көмүр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оторбаев өлкө ичиндеги көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү тууралуу токтомго кол койду.

БИШКЕК, 4-ноя — Спутник Кыргызстан. Көмүр казуу жана сатуу рыногундагы баанын абалын көзөмөлдөө, экинчи рыноктогу баанын өсүүсүн кармап туруу, ошондой эле "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамдын 9-беренесин аткарууну камсыздоо максатында КР премьер-министри Жоомарт Оторбаев өкмөттүн “Кыргыз Республикасынын аймагындагы көмүргө карата бааны мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө” токтомуна кол койду.

Аталган документтин алкагында кыска мөөнөттө ишке ашырыла турган бааларды жөнгө сала турган мамлекеттик механизм иштелип чыгууда.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, көмүргө карата баанын чектери ар бир аймак үчүн бирдиктүү аныкталат, бул өз кезегинде алдыдагы жылытуу мезгилинде калкты жеткиликтүү баадагы отун менен камсыздоого шарт түзөт.

Мындан тышкары, ортомчулардын санын азайтууга, ошондой эле көмүр баасына негизсиз кошулган чыгашаларды кыскартууга мүмкүндүк берет.

 


Жаңылыктар түрмөгү
0