"Жерүй" боюнча конкурс кийинки жылы өтөт

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүЗагрузка большегрузных самосвалов рудой
Загрузка большегрузных самосвалов рудой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жерүй" кени боюнча конкурс кийинки жылы өтө тургандыгы боюнча маалыматты Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

БИШКЕК, 28-окт — Спутник Кыргызстан. Буга чейин өкмөт "Жерүйгө" сынак өткөрүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзгөн. Комиссия бир айдын ичинде сынактын тартибин жана шарттарын иштеп чыгып, өкмөткө сунушташы зарыл.

Өкмөт өткөн жылы да "Жерүй" алтын кенин сынакка коюп, бирок ал өтпөй калган. Анда кендин баштапкы баасы 300 миллион доллар деп бааланган. Эксперттер баштапкы баанын жогору болушу жана соттошуулар конкурстун үзгүлтүккө учурашына алып келгенин билдиришкен.

Комиссия тарабынан конкурстун эки этапта өтүшү бекитилген. Биринчи этапта катышуучулардын арызын тиешелүү эрежелердин алкагында кабыл алынат. Ал эми экинчи этапта катышууга киргизилбей тургандар аныкталып, тиешелүү процедуралардын негизинде иш андан ары улантылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0