Олимпиадага теңата оюн. Чет элдик ЖМКлар Көчмөндөр оюндары тууралуу

© Sputnik / Табылды КадырбековIII Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище "Кырчын"
III Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Ысык-Көл аймагында 2-сентябрдан 8-сентябрга чейин өткөн Көчмөндөрдүн дүйнөлүк үчүнчү оюндарын ондогон чет элдик ЖМКлар да чагылдырды. Sputnik Кыргызстан агенттиги оюндар тууралуу жазылган айрым материалдарды тизмектеп көрдү.

Көчмөндөр оюндарына 70 мамлекеттен 1918 спортчу келип, спорттун 37 түрү боюнча күч сынашты.

Кытайда чыккан англис тилдүү South China Morning Post гезити "Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары Олимпиада оюндарынан чарчагандар үчүн эң сонун тандоо" деген материалды жарыялады.

"Кырчын жайлоосу дүйнөнүн чар тарабынан келген конокторго толду. 10 миңдей киши чабандестерди, көк бөрүчүлөрдүн оюнун жана кыз куумайды чаңкап күтүп турду", — деп жазылат макалада.

​Арабдардын KSAnews сайты Көчмөндөр оюндары Олимпиада оюндарына теңтайлаш болгонун жазды.

Келсеңиз жыргамаксыз! Көчмөндөр оюну элдин жер чаңыткан бийи менен аяк - Sputnik Кыргызстан
Келсеңиз жыргамаксыз! Көчмөндөр оюну элдин шаңданган бийи менен аяктады
"Олимпиада оюндары илгертен бери спорт дүйнөсүндөгү эң чоң иш-чара болуп эсептелет, бирок Кыргызстан Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары деп андан да чоң, эс тандырган мелдешти сунуштап жатат", — деп белгиленет материалда.

Түрктөрдүн басымдуу ЖМКлары Көчмөндөр оюндары "эң мыкты майрам" экенин жазышты.

Daily Sabah гезити "Көчмөндөр оюндары кыска убакыттын ичинде этноспорттун чыныгы майрамына айлана алды", — деп жазды.

Чет элдик журналисттер айрым мелдештер чет элдик коноктордун көңүлүн өзгөчө бурганын белгилешти.

"Көчмөндөр оюндарына келген коноктор кыз куумай оюнуна аябай кызыгышты. Көрүүчүлөр кызды кууп жетип бетинен өпкөн жигитти кыйкырык сүрөөн менен колдоп турушту. Ал эми кызга жетпей калып, далыга камчы жегени да аябай кызыктуу көрүндү. Бул учурда кызды кубаттап кыйкыргандар көп болду", — деген пикирин France 24 телеканалынын кабарчысы билдирди.

​Венгриянын ЖМКлары да Көчмөндөр оюндарын жакшы чагылдырышты. Белгилей кетсек, бул оюндарга өлкөнүн премьери Виктор Орбан ардактуу конок катары чакырылган болчу.

III Всемирные игры кочевников. Церемония закрытия - Sputnik Кыргызстан
Көңүлү көтөрүлгөн көчмөндөр. Бир жумалык тойдун жабылышынан жагымдуу сүрөттөр
"Венгерлер Атилланын (Адил хан – авт.) акыркы тукуму. Биз түрк тилдүү мамлекеттер менен кызматташууда негиз боло турчу тарыхтын жаңы барактарын жазууга даярбыз", — деп премьер өз оюн билдирген.

Чет элдиктердин назарын ошондой эле буту менен жаа аткан кыздар дагы бурган. Тал чыбыктай ийилген көзгө атар селкилердин сүрөттөрүн чет элдиктер социалдык тармакта байма-бай бөлүштү.

Кытайдын China Daily басылмасы "Сен дагы ушундай кыла аласыңбы?" деп маалымат таратты.

​Быйыл Көчмөндөр оюндарын уюштурууга 303 миллион сом кетип, жалпы байге фонду 28 миллион сомду түздү. 8-сентябрда жабылыш аземинде Көчмөндөрдүн кийинки оюндары Түркияда өтө турган болуп, кезек аларга берилди.

Оюнга катышкан мамлекеттердин ичинен медаль жагынан алып караганда Кыргызстан биринчи орунга чыкты. Экинчи орунда Казакстан, үчүнчү орунга Россия татыды. Ошондой эле Түркмөнстан төртүнчү, Өзбекстан бешинчи болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0