ЖМК: Абрамович "Челси" футбол клубун сатканы жатат

© AP Photo / Matt DunhamРоссийский владелец "Челси", миллиардер Роман Абрамович
Российский владелец Челси, миллиардер Роман Абрамович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирок бул маалыматты клубдун өкүлдөрү чындыкка коошпойт деп айтууда.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Россиялык ишкер Роман Абрамович "Челси" футбол клубун сатуу үчүн кардар издеп жатканын РИА Новости жазды. 

Сөөктүн рагы дешкен. Испаниянын футбол клубунда ойногон Айдананын ийгилиги - Sputnik Кыргызстан
Сөөктүн рагы дешкен. Испаниянын футбол клубунда ойногон Айдананын ийгилиги
Бирок "Челсидеги" булактар клубду сатуу боюнча сөз болбогонун айтышып, Абрамовичтин расмий өкүлдөрү бул тема боюнча комментарий берүүдөн баш тартууда.

Ал эми Sunday Times сайтынын жазганына караганда, Абрамович мурдараак аталган клубду америкалык Silver Lake Partners компаниясына сатуудан баш тарткан.

Мындан тышкары, лондондук футбол клубуна Улуу Британиядагы эң бай адам деп эсептелген Жим Ратклифф көз артып, бирок ал дагы азыркы ээсин саттыра албай койгону айтылды.

Роман Абрамович англиялык "Челси" клубун 2003-жылы сатып алган. Ошондон бери команда Англия биринчилигин беш жолу утуп, Чемпиондор жана Европа лигаларында жеңишке жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0