11:15 27 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8443
  • EUR77.1640
  • RUB1.1301
Басма сөзгө баяндама
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
60440

Көчмөндөр оюндарынын алкагындагы акыркы беттешүүлөр бейшемби күнү өттү. Бул иш-чара тууралуу жергиликтүү ЖМКлар эле эмес, чет элдин маалымат каражаттары да макалаларды жарыялар турушту.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бүгүн Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары жыйынтыкталды. Бир апта бою 62 мамлекеттен келген спортчулар Ысык-Көлдүн жээгинде спорттун 26 түрү боюнча күч сынашты.

Оюндардагы мелдештер жергиликтүү да, чет элдик да ЖМКлар аркылуу дүйнөгө тарап жатты. Sputnik Кыргызстан агенттиги өз окурмандарына Көчмөндөр оюну тууралуу жазган чет элдик ЖМКлардын материалдарын сунуштайт.

"Көңүл буруңуздар! Олимпиаданын ойго келбес эң сонун альтернативасы табылды — Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары" — ушундай тема менен CBS Sport басылмасы өз макаласын сунуштады.

Америкалык телеканалдын материалында бул оюндарда баары — "өрттөнгөн чабандес, мүнүшкөрлөр жана дүйнөлүк кинонун жылдызы Стивен Сигал" бар экени белгиленет.

Мындан тышкары, катышуучулардын баарын кылымдарды карыткан көчмөн элдин салт-санаасы бириктиргени, бирок оюндарга көчмөндөр менен байланышы жок элдер да жүргөнү айтылат. 

"Буларга чындап эле уникалдуу иш-чарага катышуу бактысы буюрду", — деп айтылат макалада. 

Американын ири Fox телеканалы "Кыргызстандагы Көчмөндөр оюну — сиз буга чейин көрүп-билбеген көңүл толкуткан иш-чара" деген аталыш менен макаласын жарыялады.

"Рио Олимпиадасы артта калып, Паралимпиада оюндары жаңыдан гана башталып жаткан маалда дүйнө коомчулугунун көңүлү Көчмөндөр оюну өтүп жаткан алыскы Кыргызстанга бурулуп турат", — деп айтылат материалда.

Көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн этнофестивалдын медиа өнөктөшү болгон Түркиянын ири "Анадолу" маалымат агенттиги "Көчмөндөр оюну — Олимпиаданын масштабдуу жана ажайып түгөйү" деген тема менен макаласын жарыкка чыгарган. 

Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)

Тема боюнча

Кыргызстан Көчмөндөр оюнунда 79 медалга ээ болуп, сап башына чыкты
Атчандардын бири-бирине найза ыргытышы — Көчмөндөр оюндарындагы сүртүмдөр
Көчмөндөр оюндарындагы кымча бел кыйын кыздар
Белгилер:
массалык маалымат каражаттары, макала, телеканал, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ