Окумуштуулар: диета кармаган адамдар арыктай албайт

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүСпорт менен машыккан кыздар. Архив
Спорт менен машыккан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөлөр "спортчу" чычкандар каалаган тамагын жесе да ашыкча салмактан арылып, ден соолуктары жакшыра түшкөнүн көрсөткөн.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Диета кармоо арыктоонун эффективдүү жолу эмес экенин окумуштуулар билдиргенин Medicine & Science in Sports & Exercise журналына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, комплекстүү диетага караганда спорт менен машыгуу адамды тез арыктатат. Спорттун дагы бир жакшы жери — сүйүктүү тамактарды ылгабай жей берүүгө шарт түзөт. 

"Көпчүлүк биздин кесиптештер спорт менен машыгуу адамдын тамакка болгон табитин күчөтүп арыктоого бөгөт коет деп эсептешкен. Бирок биздин изилдөөлөр башка натыйжаны көрсөттү", — деп билдирди Миссури университетинин окумуштуусу Вики Вейра-Портер. 

Эт тартуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: эттен баш тарткандар көп жашайт
Изилдөө чычкандарга жүргүзүлүп, аларды илимпоздор үч топко бөлгөн. Биринчи топтогу чычкандар майлуу тамактарды жеп атайы дөңгөлөктө чуркашса, экинчи топтогулар аз тамак жеп диетага отурушкан. Ал эми үчүнчү топ каалаган тамагын жеп, анчейин кыймылдаган эмес. 

Бир нече жумадан кийин окумуштуулар чычкандардын абалын текшерүүгө алышкан. Натыйжада үчүнчү топтогулар ашыкча салмак кошушса, диета кармагандары бир аз арыктаган. Ал эми "спортчу" чычкандар эки топтогу чычкандарга салыштырмалуу кыйла эле арыктаганы байкалып, ден соолуктары дагы салыштырмалуу жакшыра түшкөн. 

Мындан улам окумуштуулар адамдарга каалаган тамакты жеп спорт менен машыгууга чакырат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0