Кытай бул аптада чет элдик бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам кабыл алышы мүмкүн

© flickr.com / Fredrik RubenssonКытайдын желеги. Архив
Кытайдын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда бейөкмөт уюмдардын ишин жөнгө сала турган мыйзам Батыштын укук коргоочу уюмдарынын арасында бир топ түйшөлүүлөрдү жаратып турат. Алар жаңы документ уюмдардын ишин чектеп коёт деген пикирде.

БИШКЕК, 25-апр. – Sputnik. Батыштын баш оорусун жаратып, ойго салып жаткан Кытайдагы чет элдик бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча мыйзам долбоору бүгүн мыйзамчыларга сунушталат. Алар үчүнчү окууда карап, ушул апта ичинде документти кабыл алуу боюнча добуш берет. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме кылып жазды. 

"Мыйзам долбоору жалпы Кытайдын эл өкүлдөр палатасынын туруктуу комитетинин кароосуна берилди. Сессия дүйшөмбү күнү башталып, бейшембиде аяктайт", — деп айтылат маалыматта.

Эл өкүлдөр палатасынын сессиясы эки айда бир жолу өтөт. 

АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Кыргызстан АКШнын мамдепартаментинин докладын саясий шантаж деп эсептейт
Агенттиктин маалыматында Кытайдын эл өкүлдөр палатасынын мыйзам чыгаруучу комитетинин докладында мыйзам долбоорун бул сессиянын кароосуна алып чыгууну сунуштаган. Буга чейин аталган документ эки жолку окуудан өткөн. 

Аталган өлкөдө мыйзам долбоорлору үчүнчү окуудан кийин гана колдоого алынат. Кытайда бейөкмөт уюмдардын ишин жөнгө сала турган мыйзам Батыштын укук коргоочу уюмдарынын арасында бир топ түйшөлүүлөрдү жаратып турат. Алар жаңы документ уюмдардын ишин чектеп коёт деген пикирде. 

Жаңылыктар түрмөгү
0