ЖМК: Түндүк Корея Япон деңизин көздөй эки ракета учурду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүТүндүк Кореянын желеги. Архив
Түндүк Кореянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ракеталар Түндүк Кореянын чыгыш жээгинде жайгашкан Вонсан шаарынын жанынан учурулду. Бул БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан Пхеньянга каршы кабыл алынган санкцияларына жооп болду.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Түндүк Корея Япон деңизин көздөй кичи радиустагы эки баллистикалык ракета учурганын Ренхап агенттигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты. 

Түштүк Кореянын аскерлеринин маалыматы боюнча ракеталар Хванхэ-Пукто провинциясынын аймагынан учурулуп, 500 чакырымдан кийин Вонсан шаарынын жанындагы сууга түшкөн. 

"Аскер кызматкерлери кырдаалга дыкат көз салып, Түндүк Корея тарабынан болчу ар кыл провокацияларга жооп берүүгө даяр турат", — деди Түштүк Кореянын Коргоо комитетинин өкүлдөрү.

Ал арада Япония Түндүк Кореянын ракеталарды учурушуна дипломатиялык каналдар аркылуу каршылык билдирип, Коргоо министри Гэн Накатани Пхеньян мындан башка да провокациялык кадамдарга барышы мүмкүн экенин айтты. 

Эскерте кетсек, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Түндүк Кореянын өзөктүк куралды сынаганына жооп кылып, кескин резолюция кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0