Сириядагы жардыруу 46 адамдын өмүрүн алды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСириянын Хомс шаарынын Аз-Захра кварталында эки теракт катталган.
Сириянын Хомс шаарынын Аз-Захра кварталында эки теракт катталган. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жан кечтилер алгач, биринчи автоунааны жардырып, окуя болгон жерге эл арбын чогулганда, экинчисин жардырууну пландашкан. Бирок, алардын планы толугу менен ишке ашпай калды.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Сириянын Хомс шаарынын Аз-Захра кварталында эки теракт катталып, андан 46 адам каза таап, 115и жарадар болду. Бул туурасында РИА Новости борбордук оорукананын кызматкеринин айткандарына таянып билдирди.

"Ооруканага дагы терактыдан өлгөн 20 кишинин сөөгүн алып келишти, жалпы курмандыктардын саны 46га жетип, 115и жарадар болду", — деп айтып берди ал. 

Буга чейин Хомс шаарынын Ас-Ситтин көчөсүндө эки террорчу унааларын жардырды деген маалымат айтылган.

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүСириянын Хомс шаарынын Аз-Захра кварталында эки теракт катталган.
1/3
Сириянын Хомс шаарынын Аз-Захра кварталында эки теракт катталган.
© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАндан 46 адам каза таап, 115и жарадар болду.
2/3
Андан 46 адам каза таап, 115и жарадар болду.
© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүБуга чейин Хомс шаарынын Ас-Ситтин көчөсүндө эки террорчу унааларын жардырды деген маалымат айтылган.
3/3
Буга чейин Хомс шаарынын Ас-Ситтин көчөсүндө эки террорчу унааларын жардырды деген маалымат айтылган.
1/3
Сириянын Хомс шаарынын Аз-Захра кварталында эки теракт катталган.
2/3
Андан 46 адам каза таап, 115и жарадар болду.
3/3
Буга чейин Хомс шаарынын Ас-Ситтин көчөсүндө эки террорчу унааларын жардырды деген маалымат айтылган.

Анкарадагы жардыруудан каза болгон аскерлерге бүгүн жаназа окулду
Полициянын айтымында, жан кечтилер эки автоунааны көчөнүн кесилишине маңдайлаштыра токтоткон. Алар алгач биринчисин жардырып, окуя болгон жерге эл арбын чогулганда, экинчисин жардырууну пландашкан. Бирок, биринчи автоунаа жарылып, ал экинчисиндеги детонаторду кошо иштеткен. ИИМдин маалыматында, жан кечтилердин мындай кандуу планы толугу менен ишке ашпай калды. Анткени менен 46 кишинин өлүмү менен 115 кишинин жарадар болушу оңой окуя эмес.

БУУнун берген маалыматы боюнча Сирияда 2011-жылдын март айынан тартып согуштук кагылышуулардын кесепетинен, 220 миң адам өмүрү менен кош айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0