Беш өрдөк: Нарынга губернатор болчу Дамира Ниязалиева жана кыл учунда турган КСДПчылар

Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

КСДП Курсан Асановдон кутулабы?

"Ачык саясат" гезити 5-февралда чыккан санында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчылыгына Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов келет экен деп жазды.

Газетадан жасалган калпак кийген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш өрдөк: Финполицияны мээлеген депутат менен башка партиянын камчысын чапкан Каптагаев
"Жалал-Абад областтык Ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробековдун ташы өйдө кулаганы жатыптыр. Эгер жаңылышпасак ал киши ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ордуна барат экен. Ал эми Курсан Асанов анын ордуна дайындалат дешет… Генерал башы менен областка кетсе уят эле болот го ыя? Же Курсандан КСДП кутулгусу келип калганбы? Пайдаланып туруп тээп иймей бийликтин адаты бар эмеспи", — деп жазат аталган гезит.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов ушак деңгээлиндеги мындай кабарларга комментарий бербей турганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Ушактын деңгээлинде жазылган кабарларга комментарий бере албайм. Биз өз милдетибизди аткарып жүрөбүз", — дейт Асанов.

Жаз алды менен Рыскелди Момбеков, Лунара Мамытова баштаган депутаттар мандаттан кол жууйт

"Ачык саясат" гезити 5-февралда чыккан санында жаз айларын аяктап, КСДП, "Бир бол", "Өнүгүү – Прогресс", "Кыргызстан" фракцияларындагы онго жакын депутат мандаттан ажырай турганын жазды.

"Жаз айларын аяктап КСДПдан депутат болуп келген Рыскелди Момбеков, Айнуру Алтыбаева, Анвар Артыков жана Гүлкан Молдобекова мандатынан ажырайт экен. Аларга кошумча "Бир Болдон" Лунара Мамытова менен Бакыт Есенбаева, "Өнүгүү – Прогресстен" Исхак Масалиев, "Кыргызстан" фракциясынан Чолпон Султанбекова, Тынчтыкбек Конушбаев да мандатынан ажырашы мүмкүн деген маалымат тарады", — деп жазат аталган гезит.

КСДП партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген Рыскелди Момбеков мындай маалыматтар карандай калп экенин айтып, ал мандатын тапшырып берүү ниети жок экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди. 

"Карандай калп, жалган маалымат. Мындай сөз болушу мүмкүн эмес. Менин мандатым мага тиешелүү. Качан, кайсы убакта тапшырам ал менин өз эрким. Менин мандат тапшыруу ниетим жок", — деген пикирин билдирди.

Дамира Ниязалиева Нарын облусунун эки тизгин бир чылбырын колго алат

"Фабула" гезити 5-февралда чыккан санында Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыповдун ордуна экс-вице-премьер Дамира Ниязалиева келе турганын жазып чыкты. Гезиттин жазышынча Жалал-Абад жана Талас облусунун башчылары да кызматтан кетет.

Газета жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Беш өрдөк: КСДПнын "кара тизмесине" кирген Момбеков, 5 адамды "атай албаган" Шыкмаматов
"Жакын арада жылуу ордунан козголчулардын катарын Жалал-Абад облусунун губернатору Жумагүл Эгембердиева менен Талас облусунун губернатору Байыш Жумакадыров, Нарын облусунун губернатору Аманбай Кайыповдор толуктаганы турат… Нарындын эки тизгин бир чылбырын көптөн бери бош жүрүп зериге түшкөн мурунку КСДПдан эл өкүлү, экс-вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева алаары айтылууда. Айтор, бири кызматтан кол жууй турган болуп жатса, экинчилери кызматын жууга даярдык көрүүдө", — деп жазат аталган гезит.

Мурдагы эл өкүлү бул тууралуу маалыматы жок экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Менин бул тууралуу кабарым жок. Балким алар өз болжолуна таянып жазып коюшса керек", — дейт Ниязалиева.

Андыктан мындай имиштерге маани берүүнүн кажети жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0