ЖМК: Түркиянын ар бир бешинчи ишканасы Россия менен мамиленин азабын тартууда

© flickr.com / Vyacheslav ArgenbergТүркия желеги. Архив
Түркия желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын текстиль өнөр жайы бир топ начарлайт, ал эми жыл аягына чейин буга автомобиль куруу, өнөр жай өндүрүшү менен кызмат көрсөтүү тармагы кошулат деп жазды Today's Zaman гезити.

БИШКЕК, 8-фев. – Sputnik. Түркиядагы ишканалардын 20 пайызга жакыны орус-түрк алакаларынын чыңалып турушунан улам, 2016-жылга карата стратегияларын өзгөртүүгө мажбур. Бул туурасында Today's Zaman гезити атайын жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгына таянып билдирди. Сурамжылоого 8 миңге чукул жергиликтүү ишканалар катышкан. 

Курулуш, автоунаа куруу тармагындагы жана азык-түлүк өндүргөн фирмалардын көбү өздөрүнүн пландарын өзгөртүүгө мажбур болду деп жазат басылма. Баарынан көп текстиль өндүргөн ишканалар зыянга учурайт. Москва Түркиядан келе турган тестиль продукцияларына чек койгондон кийин ал 18 пайызга, ал эми өнөр жай продукцияларын өндүрүү 15,4 пайызга түшүп кеткен. 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Россиянын өлкө башчысы Владимир Путин менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маалымат катчы: Эрдоган Путин менен сүйлөшө албай жатат
Сурамжылоонун жыйынтыгына таянсак, санкция түркиялык ишканалардын 52,2 пайызына таасир тийгизген эмес. Андан улам, кызмат көрсөтүү жана билим берүү, маалымат технологиясы тармагындагы компаниялардын иши аксаган жок. 

Жылдын аягына чейин экономиканын жабыр тарткан тармагынын катарын автоунаа куруу, өнөр жай өндүрүшү жана кызмат көрсөтүү жааты толуктайт деп айтылат докладда. Авторлордун пикиринде, бул төмөндөөнү мамлекеттин колдоосу гана токтото алат.

Россия менен Түркиянын мамилеси 2015-жылдын 24-ноябрында түрктөрдүн F-1 учагы Сирияда россиялык Су-24 учагын атып түшүргөндөн кийин сууп баштаган. Россиянын президенти Владимир Путин муну "далыга сайылган бычак" катары сыпаттаган. Бул окуядан кийин Путин улуттун коопсуздугун камсыз кылуу жана Түркияга карата атайын экономикалык чараларды көрүү боюнча Жарлыкка кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0