ЖМК: 1950-жылдары АКШнын атомдук бомбаларынын максаты СССР, Чыгыш Европа жана КЭР болгон

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Архивдердин жана документтердин Улуттук башкармалыгы АКШ 1959-жылы башталышы мүмкүн деп божомолдогон согушта атомдук соккулар жөнүндө маалымат бар документтерди ачыкка чыгарышты.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. АКШнын Архивдердин жана документтердин Улуттук башкармалыгы америкалык атомдук бомба таштагычтардын 1969-жылга карата мүмкүн болгон буталарынын тизмесин биринчи жолу жарыялады. Анын катарында СССР, Чыгыш Европа жана Кытай мамлекеттери болгонун New York Times гезити билдирди.

Ачыкка чыгарылган документти АКШнын Стратегиялык авиациялык командалыгы 1956-жылы иштеп чыккан жана ал үч жылдан кийин башталышы мүмкүн болгон согуштагы атомдук соккулар жөнүндө маалымат камтылган чоң таблицасы болуп эсептелет. "Системалык түрдө жок кылуу" планында "белгиленген эпицентр" (DGZ) деп аталуучу жүздөгөн буталар камтылган. Алардын ичинен 179 бута Москвада, 145и Ленинградда жана 91и Чыгыш Берлинде орун алган. Көпчүлүгү өндүрүш объектилери жана өкмөттүк имараттар болгон. Ар бир шаарда план боюнча "калк" деген пункт өтөт.

"Калк топтошкон борборлор бута болгонун көрүү, албетте, үрөй учурарлык", — деди Ж. Вашингтон университетиндеги АКШнын Улуттук коопсуздугунун архивинин ага серепчиси Уильям Берр (William Burr).

Анын айтымында, буталардын алынган тизмеси өлкөнүн аскердик-аба күчтөрү тарабынан качандыр бир кезде жарыялангандардын ичинен эң кенени болуп эсептелет. 

АКШнын Коргоо министрлигинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пентагон менен Ак үй Афганистанда АКШнын аскерлери каза болгондугун тастыктады
Ошону менен катар деп белгилейт Берр буталар тизмеде жалпысынан гана аныкталган жана конкреттүү жерлерге туура келүүчү код номерлерине ээ. Ошол кездеги жерлердин так дареги жана аталыштары дагы эле Берр "Бомбалоолордун энциклопедиясында" катылган.

Гезит кошумчалагандай, ачыкка чыгарылган документтин башкы артыкчылыгы – аскердик аба күчтөрү, ал эми башкы максаты – советтик бомбалоочу учактарды алар учуп чыгып, Европага же анын чегинен тышкары багыт алганга чейин жок кылуу болгон. 

Ядролук курал боюнча америкалык адистердин маалыматтарына ылайык, 1959-жылы АКШнын атомдук куралдары Советтер Союзунукунан 10 эсе артык болгон. Ошол кезде өлкөнүн аскер стратегдери СССРди бомбалоочу авиациянын базалары менен курчоого аракет кылган. Согуш болуп кетсе, бул базалардын учактары ири советтик шаарларды карай учуп чыгып, пизмедеги бардык пункттарга сокку урушу керек эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0