CNN:"Ислам мамлекети" Нью-Йоркто теракт уюштурабыз деп коркутууда

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүПлощадь Таймс-сквер в Нью-Йорке. Архивное фото
Площадь Таймс-сквер в Нью-Йорке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ислам мамлекети" тарткан видеотасмада белгисиз адам чапанынын койнуна бомбаны катып турат. ЖМК маалыматтарына ылайык, жан кечти Нью-Йорктун эл көп жерлеринин биринде өзүн жардырганы жатат.

БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. "Ислам мамлекети" Нью-Йоркто теракт уюштуруу жөнүндө билдирүүлөр менен коркутуп жатат. Бул туурасында CNN телеканалы террористтер тартты деп болжолгон видеотасмага таянуу менен билдиръъ таратты.

Көрсөтүлгөн кадрларда бети көрүнбөгөн бир киши койнуна жардыргычты катып турат. CNN маалыматына караганда, ал Нью-Йорктун эл көп жерлеринин биринде өзүн жардырганы жаткан жан кечти. 

Мурдараак "Ислам мамлекети" АКШнын борбору Вашингтондо теракт уюштурууну пландап жатат деген маалыматтар келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0