NYT: Бен Ладенди өлтүрүү үчүн негиздерди АКШ кантип даярдаган

© AFPУса́ма бен Ла́ден. Архив
Уса́ма бен Ла́ден. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Юристтер Американын атайын күчтөрү Пакистандын уруксаты жок эле анын аймагында операция жүргүзүп, "Аль-Каиданын" лидерин өлтүрүш үчүн негиздерди жашыруун табышы керек эле.

БИШКЕК, 30-окт. – Sputnik. The New York Times гезити Чарли Сэвиждин эмки жумада чыга турган "Бийликтин согуштары: 11-сентябрдан кийинки Обаманын президенттиги" деген китебинин материалдарына ээ болду. Китепте АКШнны юристтери 2011-жылы Пакистанга кол салып, "Аль-Каиданны" лидерин жок кылуу үчүн негиздерди кантип жашыруун тапканы жөнүндө айтылат. 

Түштүк-Кытай деңизи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытай АКШга Түштүк-Кытай деңизинде согуш башталуу коркунучу жөнүндө эскертти
Төрт юрист мыйзамдарды эч кимге билгизбей талдап, өкмөткө аскер күчтөрүн Пакистанга экинчинин уруксатысыз жиберүү үчүн, ошондой эле террористтердин башчысын өлтүрүп, сөөгүн деңизге салып жиберүүгө жана операция бүткөнгө чейин ал жөнүндө Конгресске кабарлабай турууга негиз табышы керек болчу. Операцияга чейин бир нече күн ичинде юристтер беш жашыруун кат даярдашкан. Алар, эгер кабыл алынган чечимди түшүндүрүп берүү талабы пайда болсо, айрыкча операция ишке ашпай калса, керек болмок. 

Гезиттин айтымында, юристтер америкалык жана эл аралык укуктар боюнча душманды жок кылууга толук негиз бар деген тыянакка келишкен. NYT кошумчалагандай, айрым адистердин кийинчерээк айтылган каршы пикирлери операция ийгиликтүү аяктагандыктан эске алынган эмес. 

АКШ президенти Барак Обама операциянын үч вариантын караган: Усама бен Ладендин жашырынган жерлерине снаряд таштоо, жерден башкарылуучу учактан тагыраак сокку уруу (ал тийбей да калышы мүмкүн болчу), ошондой эле америкалык атайын топтун рейди. Биринчисинде карапайым эл жабыр тартмак, бирок мындай жоготуулар кырдаалга байланыштуу мыйзамга каршы келбей турганын далилдөөгө юристтер даяр болчу. Ошентсе да, NYT жазгандай, мындай шартта бен Ладендин өлүмүн ырастоо кыйынга туруп, анан дагы, күнөөсүз адамдардын өлүмү үчүн өкмөткө коюлчу айып катуу болмок. 

Эл аралык укуктарга ылайык, Вашингтон бен Ладенди кармап же операцияга уруксат берүү өтүнүчү менен Пакистандын бийлигине кайрылышы керек эле деп белгилейт гезит. "Аль-Каиданын" лидери качып кетет деп коркуп, юристтер "Пакистан өз аймагында пайда болгон башка мамлекеттерге карата коркунучту жойгусу келбесе же жоё албаса", Американын атайын даярдыктагы аскер тобунун рейди мыйзамдуу болушуна негиз табышкан. 

Тони Блэр: АКШ Иракка кол салбаса, балким ИМ пайда болмок эмес
Жалпы эрежеден мындай четтөөнү бардык эле мамлекеттер туура көрбөйт деп жазат NYT. Басылманын айтымында, мындай аракет мурда эч качан Пакистанга карата колдонулган эмес, себеби бул өлкө мындай учурларда дайыма кызматташууга даяр. Бирок юристтер Американын мыйзамдарын кынтыксыз аткарууга милдеттүү болгон Обама, эмнегедир эл аралык укуктары бузуп, жашыруун операцияга уруксат бере алат деп чечишкен. Анан калса, жөө аскерлер бен Ладенди таба албай калса, билмексенге салып, Пакистандан жөн гана чыгып кетишмек деп жазат гезит. 

Ал эми террорист жашынган жеринен табылып калса, ал кандай түрдө багынып бербесин, мыйзам аны тирүү кармоого милдеттендирет. Бирок юристтер бен Ладен багынган учурда да, аны кантип өлтүрсө мыйзамдуу боло турганын да иликтеп чыгышкан. Туткунга алуу варианты да, террорист аман калат деген вариант да дээрлик каралган эмес деп жазат басылма. Ошону менен катар NYT рейдге катышкандардын сөздөрүн мисал келтирет. Ага ылайык, бен Ладен акыркы мүнөттөрдө колго түшүп бергенге аракет кылбаса да, каршылык көрсөткөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0