ЖМК: ИМдин балдар үчүн окуу базасы Стамбулда жок кылынды

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАрхив: город Стамбул
Архив: город Стамбул - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарынын текшерүүсү учурунда Тажикстан менен Өзбекстандан келген 24 өспүрүм кармалган. Алар радикалдык исламдын ченемдерин жана ИМдин катарында жашоо эрежелерин окуп-үйрөнүп жүрүшкөн.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Стамбулдун полициясы өзүнүн рейди учурунда Тажикстан менен Өзбекстандан келген ондогон балдарды окутуп жаткан "Ислам мамлекети" террористтик тобунун окуу борборунун жок кылды деп билдирет Vatan гезити. 

Мурдараак Түркиянын ЖМКлары Анкарадагы терактыга байланыштуу Стамбулда полиция терроризмге каршы рейддин жүрүшүндө 50гө жакын чет элдик жарандарды кармагынын билдирген эле. Рейд Стамбулдун азиалыктар көп жашачу Пендик аймагында жүргүзүлгөн. Кармалган чет элдиктер "Ислам мамлекети" террористтик тобуна кошулуу үчүн Сирияга жана Иракка кетүүгө даярданып жатышкан. 

Түркиядагы жардыруудан кыргызстандык жарандар жабыр тарткан жок
Vatan гезити билдиргендей, кармалгандардын арасында Тажикстан менен Өзбекстандан келген 24 өспүрүм бар. Аларга радикалдык исламдын ченемдерин жана ИМдин катарында жашоо эрежелерин үйрөтүп жатышкан. Ошондой эле борбордо ар кандай машыгуулар да өткөрүлүп турганы белгилүү болду.

"Ислам мамлекети" террористтик тобу бүгүнкү күндө дүйнөнүн башкы коркунучтарынын бири болуп эсептелет. Үч жыл ичинде террористтер Ирак менен Сириянын көпчүлүк жерлерин басып алышкан. Ошондой эле алар өз таасирин Түндүк Африкада, тагыраак айтканда, Ливияда жайылтуу аракетин көрүп жатат. Алардын басып алган жерлеринин жалпы көлөмү, ар кандай маалыматтар боюнча, 90 миң чарчы чакырымга жетет. Экстремисттик топтун катарындагылардын саны ар кандай маалыматтар боюнча 50 миңден 200 миңге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0