USA Today гезитинин биринчи бетинде Украинанын Крым киргизилбеген картасы чыкты

© Фото / Piotr Biziorгазеты
газеты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Картаны дал ушундай көрүнүштө басып чыгарууга буйрук берилгенби же бул жөн эле каталыкпы, азырынча тактала элек.

БИШКЕК, 11-фев — Sputnik. USA Today деп аталган белгилүү гезиттин бетине Украинанын Крым жарым аралысыз картасы чыккан деп билдирет РИА Новости Foreign Policy басылмасына таянуу менен.

"Американын эң ири гезити батыш өлкөлөрү тааныгысы келбегенди жасады. Бул Крымдын Россиянын курамына кириши", — деп жазат Foreign Policy.

Картаны дал ушундай көрүнүштө басып чыгарууга буйрук берилгенби же бул жөн эле каталыкпы, азырынча тактала элек. USA Today гезитинин маалымат катчысы тараптан да бул боюнча эч комментарий болгон жок.

Крым жарым аралы жана Севастополь шаары 2014-жылдын жазында өткөрүлгөн референдумда жашоочулардын көпчүлүгү РФтин курамына кирүү үчүн доуш бергенден кийин Россияга караштуу аймак болуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0