ЖМК: кыйроого учураган Airbusта каза болгондордун туугандарына 24 миң $ төлөнөт

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСамолет Airbus A330
Самолет Airbus A330 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Малайзиянын AirAsia авиа компаниясынын билдирүүсүнө караганда, курман болгондордун үй-бүлөлөрү мурда жарыяланган 8,3 миң доллардын ордуна 24 миң доллардан ала алышат.

БИШКЕК, 5-янв — Sputnik. Малайзиянын AirAsia авиа компаниясына караштуу Airbus менен болгон кырсыктан каза болгондордун ар бир үй-бүлөсүнө 24 миң доллардан алдын ала компенсация төлөнөт деп билдирет РИА Новости.

Кытайлык блогер Air Asia рейсинин кыйрашы тууралуу эки жума мурун эскерткен
AirAsia авиа компаниясы жүргүнчүлөрдүн туугандарынын арасында жайылткан катында төлөнүүчү компенсация курман болгондордун үй-бүлөрүнө издөө операцияларын жүргүзүү учурунда каржылык кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берет, бирок бул алардын жакындары каза болгондугун сөзсүз ырастабайт деп билдирген.

Wall Street Journal гезити аба кырсыгынан курман болгондордун үй-бүлөлөрү 8,3 миң доллар көлөмүндө компенсация алышат, себеби Индонезия азыркыга чейин Монреаль конвенциясына кирбестен, 1929-жылдагы эл аралык макулдашууну сактап келет деп мурдараак билдирген эле. Аталган макулдашууга ылайык, жүргүнчүлөр алдында жоопкерчилик Монреаль конвенциясына караганда төмөн деңгээлде каралган.

Малайзиянын AirAsia авиа компаниясына караштуу авиалайнер Индонезиянын Сурабая шаарынан Сингапурга 28-декабрда учуп чыккан. Бир саатка жетпеген убакыттан кийин учкуч аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу учуу багытын өзгөртүүгө уруксат сураган. Ага булуттуу аймакты айланып өтүүгө уруксат берилген. Бирок авиалайнер кырсык болгондугу тууралуу эч белги бербестен эле радарлардын экранынан жок болуп кеткен. Учактын бортунда 162 адам бар болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0