ЖМК: Моряктар Airbus кыйраган жерде курман болгон 40 адамдын сөөгүн алып чыгышты

© Фото / hanifridzОблако в иллюминаторе
Облако в иллюминаторе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Air Asia компаниясынын учагынын сыныктары табылган жерден индонезиялык моряктар аба кырсыгынан каза тапкандардын 40тан ашык денесин алып чыгышты, иш дагы улантылууда.

БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. Индонезиянын провинциясында аба кырсыгынан каза болгондордун 40тан ашык денесин моряктар суудан алып чыгышты деп билдирет РИА Новости "Франс Пресс" агенттигине таянуу менен.

РФ дайынсыз жоголгон Aэробусту издөөдө Индонезияга жардамын сунуштады
Индонезиянын Аскер-деңиз күчтөрүнүн маалымат кызматкери Манахан Симорангкирдин айтымында, "Бунг Томо" кемесинин моряктары 40 адамдын сөөгүн алып чыгышты жана алардын саны улам өсүүдө. 

Airbus Индонезиянын Сурабая шаарынан Сингапурга 28-декабрда учуп чыккан. Бир саатка жетпеген убакыттан кийин учкуч аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу учуу багытын өзгөртүүгө уруксат сураган. Ага өйдө карай учпай, булуттуу аймакты айланып өтүүгө уруксат берилген. Себеби ал аймакта башка учактар да бар болчу. Андан соң авиалайнер кырсык болгондугу тууралуу эч белги бербестен эле радарлардын экранынан жок болуп кеткен. Ошондо ал Индонезиянын Банка-Белитунг провинциясынын Танджунгпандана шаарынан түштүк-чыгышты карай болжол менен жүз деңиз мили аралыгында учуп бара жаткан. Учактын бортунда 162 адам бар болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0