РФ дайынсыз жоголгон Aэробусту издөөдө Индонезияга жардамын сунуштады

© Фото / Simon_seesСамолет компании Air Asia
Самолет компании Air Asia - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лайнерди издөөгө Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги заманбап авиациялык-куткаруу технологияларын, анын ичинде Бе-200 амфибия учагын берүүгө даяр деп билдирди ӨКМдин расмий өкүлү Александр Дробышевский.

БИШКЕК, 29-дек — Sputnik. Россия Индонезияга Air Asia компаниясына тийиштүү Airbus A320-200 авиалайнерин издөөгө жардам берүүнү сунуштады деп билдирет РИА Новости РФтин Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлигинин расмий өкүлү Александр Дробышевскийге таянуу менен.

"Россиянын ӨКМи Индонезияга жоголгон учакты издөөгө токтоосуз колдоо жана жардам көрсөтүп, издөө-куткаруу иштерин жүргүзүүгө адистерди жөнөтүүгө даяр", — деген РФтин ӨКМ башчысы Владимир Пучковдун сөзүн билдирди Дробышевский Индонезиянын издөө-куткаруу агенттигинин жетекчисине.

Куткаруучулар Air Asiaнын лайнеринин деңизге кулаганын божомолдошууда
Россиянын Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрлиги жоголгон лайнерди издөөгө заманбап каражаттар менен, жылуулукту көрүүчү жана локациялык жабдуулар менен камтылган Бе-200 амфибия учагын берүүгө даяр.

Малайзиянын Air Asia компаниясына тийиштүү Airbus A320-200 авиалайнери жекшемби түнү Индонезиянын Сурабая шаарынан Сингапурга учуп бара жатып радардан көрүнбөй калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0