Кыргызстанда орус тилин окутууга мугалимдер жок болууда

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАхив: Ош шаары
Ахив: Ош шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын мектептеринин 11 пайызында окутуу жок дегенде жарым-жартылай орус тилинде жүрөт, бирок алардын көпчүлүгү республиканын жакшыраак өнүккөн түндүгүндө жайгашкан.

БИШКЕК, 22-дек — Sputnik. Ноябрда Кыргызстандын жаңылык агенттиктеринин бири калкынын саны жагынан өлкөдө экинчи орунду ээлөөчү Ош шаарында орусча сабак берген мугалимдердин саны азайгандыгы тууралуу орус тилиндеги макаланы жарыялаган деп билдирет ИноСМИ интернет-ресурсу.

Эльвира Сариева билим берүү жана илим министри болуп дайындалды
Бир кездеги көп улуттуу Ош шаарында бүтүндөй Борбордук Азиядай эле улуттар аралык байланыш тили болуп келген орус тили бүгүн өз ордун дээрлик жоготуп отурат. Москва мугалимдерди даярдоого болгон демилгесин көп айтып, миллиондогон долларлык окуу куралдарын бөлүп берип жатканына карабай, Кыргызстандын каржылоодон кем мектептеринин абалы орус тилин окутууну жокко чыгарды. Орус тилинин ордуна башка эч нерсе келбегендигин эске алганда, бүтүндөй муундун өкүлдөрү эми жалгыз кыргыз тилинде гана эркин сүйлөй алышат. 

Бүгүнкү күндө КРдин Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандын мектептеринин 11 пайызында окутуу жок дегенде жарым-жартылай орус тилинде жүрөт, бирок алардын көпчүлүгү республиканын жакшыраак өнүккөн түндүгүндө жайгашкан (орус тили башка мектептерде деле окутулат). Бул мектептердин көпчүлүгү Россиядан материалдык колдоо алып турат. 

Республикада орус тилдүү мектептерге болгон суроо-талап чоң деп эсептейт Оштогу "Эл аралык коргоого көмөк көрсөтүү борбору" укук коргоо уюмунун директору Акылбек Ташбулатов. 

"Илимий адабиятын орус тилинде гана алып пайдаланса болот. Муну түшүнгөн ата-энелер балдарын кыргыз же өзбек мектептерине эмес, орус мектептерине берип жатат. Менин балдарым да орус мектебине барышат, — деп билдирди Ташбулатов EurasiaNet.org. менен болгон маегинде — Мен юрист болгондуктан, бардык мыйзамдар алгач орус тилинде жазыла тургандыгын белгилейт элем. Ал турсун, Конституция да биринчи орус тилинде жазылып, анан кыргыз тилине которулган. Себеби адистердин көпчүлүгү орусча жакшыраак жазат".

Парламенттеги улутчулдар республиканын мыйзам чыгаруучу органында дайыма кыргыз тили гана угулуп турушун талап кылышат. Бирок Конституцияга ылайык орус тили өлкөнүн расмий тили болуп эсептелет.

"Кыргыз тилинде гана сүйлөөгө ант берүүчү мамлекеттик чиновниктер жөн гана орус тилин жакшы билишпейт. Алардын айткандарына жол берүүгө болбойт", — деп белгиледи Ташбулатов.

Ал тургай, кыргыз мектептеринин мугалимдери да, кыязы, өз балдары орус мектептерде окушун каалайт. Оштун кыргыз тилдүү мектептеринин биринде 25 жыл иштеген ушундай педагогдордун бири балдары чоңойгондо жубайы экөө аларды орус мектебине орноштургандарын айтып берди. 

"Чынын айтсам, кыргыз мектебине караганда, орус мектебинде билим берүү сапаты жакшыраак. Ал жерде мугалимдердин кесипкөйлүгү жогорураак, койгон талаптары катуураак, принципиалдуу жана билимдүүрөөк болушат", — деп билдирди ал EurasiaNet.org менен маегинде, Кыргызстандын ата-энелеринин арасындагы кеңири тараган пикирди кайталап. 

Республикада экономикалык өсүштүн жоктугун эске алып, ал өзүнүн балдары Россияга кетүүгө аргасыз болорун турган иш деп эсептейт.

Москвада саясатчылар орус тилинин эл аралык аренада күчүн жоготуп баратканы тууралуу өкүнүү менен көп айтышат. 2013-жылдын декабрында РФтин билим берүү жана илим министринин орун басары РФ Вениамин Каганов СССР жоюлгандан кийин дүйнө боюнча орус тилинде сүйлөгөндөрдүн саны 100 миллион адамга кыскаргандыгын билдирген деп кабарлайт ТАСС мамлекеттик жаңылыктар агенттиги. Каганов мындай статистика кайдан алынганын тактаган эмес. 

Россиянын өкмөтү жагдайды оңдоо аракеттерин көрп жатат, бирок азырынча алгылыктуу ийгиликке жете элек. 

"Россия кызматташтыгы" федералдык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Алексей Зеньконун айтымында, бул уюм КР үчүн орус тилинде китептерди чыгарып, тренингдерди уюштуруп жана билим алууга гранттарды бөлүп берет. 2014-жылы Россия кызматташтыгы 800 мектеп мугалими үчүн билим берүү иш чараларын уюштурган деп кошумчалады ал. 

"Тереңдетилген билим берүү иш-чараларында биз өзгөчө түштүк аймактарга (Кыргызстандын) көп көңүл бурабыз", — деп билдирди Зенько.

2013-жылы анын уюму россиялык жана кыргызстандык билим берүү тармагынын кызматкерлерин Кыргызстандын мектеп программасына ылайыкташылган орус тилиндеги китептерди жазуу боюнча долбоорду ишке ашырууга тарткан. Бул максатта Россия 500 миң доллар бөлүп берген жана үчүнчү класстын окуучулары үчүн 200 миң окуу китеби басылып чыккан.

Зенько өз уюмунун бюджетин талкуулоодон баш тартып, бирок РФтин өкмөтү жыл сайын Россиянын жогорку окуу жайларында окууга 450 грант бөлүп бере тургандыгын, аны Билим берүү министрлиги бөлүштүрөрүн билдирди. 

Кыргызстанда жана мурдагы СССРдин республикаларында орус тилин окутууну колдоого Россия канча акча бөлүп жаткандыгын эсептөө мүмкүн эмес. РФтин Билим берүү жана илим министрлигинин 2011-жылдагы документтеринин биринде 2011-2015-жылдарда чет мамлекеттерде орус илин окутууга көмөк көрсөтүү максаттарына 2,5 миллиард рубль (ошол кездеги рублдун курсу боюнча 83 миллион, азыркы боюнча 43 миллион доллар) бөлүп берүү жөнүндө айтылат.

"Алар (каражаттар) туура пайдаланылат деген үмүттөмүн", — деген ошол кездеги РФтин президенти Дмитрий Медведевдин бул каражатты бөлүп берүү тууралуу жарлыкка кол коюп жаткандагы сөзүн келтирет РИА Новости.

Көпчүлүгү Россиянын берген кайтарымсыз жардамы – бул жекече бир каржылык колдоо жана анын кайсы бир бөлүгү гана жарыяланган максатта сарпталат деп ойлойт. 

Сынчылардын пикиринде, Кремлдин берген жардамы Кыргызстандагы орус тили мугалимдеринин жетишсиздигине анча таасирин тийгизген жок. Андан калса, бул көйгөй улам курчуп баратат. 

Россия кызматташтыгынын жардамы — "ооруну басып, бирок айыктырбай турган дары" деп билдирди " Билим берүү демилгелерин колдоо фонду" Бишкектин бейөкмөт уюмунда окуу куралдарын иштеп чыгуучу Татьяна Матохина. 

"Биздин Билим берүү министрлиги мугалимдердин санын көбөйтүүнүн стратегиялык максаттарын иштеп чыгууда Россия кызматташтыгы менен тыгыз иш алып барса жакшы болор эле", — деп кошумчалады ал Матохина.

Бирок мугалимдердин жетишсиздиги, кыязы, дагы өсө берет. Ата-энелер орус класстарда балдардын көптүгүнө арызданууда, ал эми жергиликтүү билим берүү тармагынын кызматкерлери, анын ичинде Оштун бир мектебинин директору Светлана Карпушкина Кыргызстандын түштүгүндөгү жогорку окуу жайларында орус тилдүү мугалимдерди даярдабай калгандыгына капа болууда.

Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун окутуучусу Гүлмира Ахмедова мугалимдердин жетишсиздигин моюнга алат. Айтмакчы, анын балдары да орус мектебинде окушат.

Ахмедованын айтымында, билимдүү адамдар орус тили мугалими болууну каалабайт, себеби орус тилин жакшы билгендер үчүн кесиптик жактан өйдөлөө мүмкүнчүлүгү көбүрөөк. Бир жагынан бул маселенин себеби эмгек акысында: башталгыч жана жогорку класстардын мугалимдеринин айлык акысы болгону 7 миң сомду (120 доллар) түзөт.

Ошондой эле ал орусча жакшы билген студенттер юрист, дарыгер, каржы адиси болууну каалашарын белгиледи. Мугалимдикти тандагандар Россияга кетип жатат, себеби бул жерде "мугалимдерге арзыбаган акы төлөнөт".

Жаңылыктар түрмөгү
0