Обама: Владимир Путин жүргүзүп жаткан оюн анча жакшы эмес

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүАрхив: Путин менен Обаманын жолугуушусу
Архив: Путин менен Обаманын жолугуушусу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америка президенти Барак Обама Украинадагы чыр-чатакты чечүүгө карата өз көз карашын Экспорттук кеңештин отурумунда билдирди.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Экспорттук кеңештин отурумунда: "Путин трансатлантикалык мамилелерди бөлүп-жара алса гана ийгиликке жетишет", — деди Барак Обама. АКШ президентинин минтип айтканын "Голос Американын орус кызматы" ИноСМИ ресурсу аркылуу басып чыкты.

Экспорттук кеңештин отурумундагы сөзүндө АКШ президенти Барак Обама Украинадагы кризисти чечүү жолдоруна токтолду. 

"Европа менен бир иш-аракет кылууга болгон жөндөмүбүз бул процесстеги маанилүү нерсе", — деп билдирди 11-декабрда Обама Экспорттук кеңештин отурумундагы сөзүндө Украинадагы кризисти чечүү жолдору боюнча.

Анын айтымында, Владимир Путин жүргүзүп жаткан оюн "кээде батыштын басылмалары эсептегендей, анча жакшы эмес". Анда Обама айткандай, "олуттуу импровизациялоо ээлементи бар, себеби чындыгында Украинадагы окуялар Россия үчүн күтүүсүз болгон ".

"Саясый жактан алганда, өлкө ичинде бул ага (Путинге) пайдалуу болууда. Бирок экономика үчүн анын кесепеттери өтө жаман, болгондо да жакынкы мезгил үчүн гана эмес, алыскы келечек үчүн дагы", — деди АКШ башчысы.

Путин трансатлантикалык мамилелерди бөлүп-жарса гана ийгиликке жетише алат деп баса белгиледи Барак Обама.

"Путин оюнан кайтмайынча жөн эле санкцияларды катуулата берсек болот деген ой менимче, туура эмес. Эгер Россия Европа биз менен бирге экенин түшүнгөндө гана стратегиялык чечим кабыл алат. Бул көпкө уланбайт, биздин чыдамыбыз болсо жетиштүү. Жана алар бул коалицияда бөлүнүп-жарылуу жок экенин көрүшсө, алардын экономикасына келтирген зыян бардык стартегиялык пайдадан көп болорун акырындап түшүнөт", — деди Обама.

Жаңылыктар түрмөгү
0