Өкмөттө иштеген катчы кыз илимдин докторунан көп айлык алат

© Sputnik / Вячеслав Бобков / Медиабанкка өтүүАрхив: Борис Зюбин
Архив: Борис Зюбин - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясында иштеген илимпоздордун айлыгы катчы кыздардыкынан аз.

БИШКЕК, 3-дек — Sputnik. Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев илимдин докторлору 5-6 миң сом айлык алса, Жогорку Кеңеште жана өкмөттө иштеген катчылар 16-17 миң сом аларын айтканын "Алиби" гезити шейшемби, 2-декабрда чыккан санында жазып чыкты.

"Академиктин маалыматына таянсак, Улуттук илимдер академиясына жылына 252 миллион сом бөлүнүп, бул айлык акы, социалдык төлөм жана чарба иштеринен ашпай калат экен. Илимдин докторлору 5-6 миң сом айлык алса, жетекчиликтин айлыгы болгону 16 миң сомду түзөт тура. Ошол эле учурда Жогорку Кеңеш менен өкмөттө иштеген катчылардын айлык акысы 16-17 миң сомду түзөөрүн айтып күйүп-бышкан академиктин маалыматы ойлонууга аргасыз кылат", — деп жазат аталган гезит.


Жаңылыктар түрмөгү
0