"Фабула" гезити: Тасмаларга цензура керекпи?

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүАрхив: Тегерек панораманын кызматкери кинотасманы карап жатат
Архив: Тегерек панораманын кызматкери кинотасманы карап жатат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы режиссерлордун кинотасмаларга цензура киргизүү туурасындагы пикири ар кандай.

БИШКЕК, 29-ноя — Sputnik. "Фабула" гезити 29-ноябрдагы санында "Тасмаларга цензура керекпи" деген суроонун тегерегинде пикирлерди топтоду. "ЖКда кинотасмаларды цензуралоо керек дегендей пикирлерин билдирип чыгышты", — деп жазат газета.

Газета көтөргөн маселеге Кыргызстандагы белгилүү режиссерлор жооп беришкен.

Режиссер Эрнест Абдыжапаров эмнеге андай демилгени көтөрүп жаткандыгын өздөрү билишпейт деген маанайдагы пикирин билдирген.

"Буга чейин кинодо бир дагы жолу мыйзамды бузган тасмалар болгон эмес. Эгер порнографияны колдонуп, улуттар аралык араздашууну козгоп же бийликке каршы үгүттөгөн кинолор кинотеатрларда көрсөтүлгөн болсо, анда мындай чара көрүш керек эле. Бирок, тырмактай эпизод үчүн "Ээнсиреген үй" тасмасынын ээси, белгилүү режиссерубузду көрүүчүлөр өздөрү эле чокуп жатып, экинчи мындай кино тартпаска мажбурлашты. Демек цензураны ойлоп чыккан чиновниктер эмне себептен бул чараны көрүп жаткандыгын өздөрү билишпейт", — деген Эрнест Абдыжапаров.

Дагы бир режиссер Темир Бирназаров мындай мыйзамдын эч кандай зыяны жоктугун, аны цензура дешке болбой тургандыгын айтат.

"Бул мыйзамдын кабыл алынгандыгына бир топ жыл болду. Мыйзамды цензура деп айтышка болбойт. Болгону улут каралык касташууга, дин аралык чатакты козгобоого, саясий жаңжалдарга жол бербөөгө негизделип кабыл алынган эле мыйзам. Бирок, ал күчүнө кирип иштеши керек. Мисалы, чет өлкөдөн эмне деген гана тасмалар келип жатат. Биздин каада-салт, менталитетибизге туура келбеген тасмалар келип, көргөзүлүп жатат. Ошонун баарына тыюу салыш керек",— деген Бирназаров.

Режиссер Замир Эралиев эгерде зыяны болсо, цензураны кино эле эмес, башкасында да колдонуу керек деген пикирин билдирген. 

"Цензура деген жаман нерсе… бирок, өлкөгө зыян келтире турган болсо, анда сөзсүз керек. Мисалы, коомдун менталитетине туура келбеген жагдайлар болуп калат. Айталы, уят кино тартылып калышы мүмкүн. Аны тыйыш үчүн албетте, цензура керек. Кылмыштуу кинолор тартылып жатат. Ал адамдын аң-сезимине таасир берип, адамды бузат. Кыскасын айтканда, мен тасмаларда болобу, башкасында болобу, цензура керек деп эсептейм",— деген Замир Эралиев. 


Жаңылыктар түрмөгү
0