Айкөл Нурланбек уулунун тасмасы 65 өлкө катышкан фестивалда баш байге утту

© Фото / Alemlere Rahmet Kısa Film FestivaliКыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек улуу Стамбулдагы эл аралык кинофестивалында
Кыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек улуу Стамбулдагы эл аралык кинофестивалында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Жазылуу
Нурланбек уулунун эмгеги абройлуу эл аралык кинофестивалда "Эң мыкты даректүү тасма" деп аталып калды.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек улуунун "Мээрман" кыска метраждуу даректүү тасмасы Стамбулда өткөн "Ааламдарга ырайым" эл аралык кинофестивалында баш байге утту. Маалыматты Sputnik Кыргызстанга режиссёр тастыктады.
© Фото / Alemlere Rahmet Kısa Film FestivaliКыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек улуунун "Мээрман" кыска метраждуу даректүү тасмасы Стамбулда өткөн "Ааламдарга ырайым" эл аралык кинофестивалында баш байге утту
Кыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек улуунун Мээрман кыска метраждуу даректүү тасмасы Стамбулда өткөн Ааламдарга ырайым эл аралык кинофестивалында баш байге утту - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек улуунун "Мээрман" кыска метраждуу даректүү тасмасы Стамбулда өткөн "Ааламдарга ырайым" эл аралык кинофестивалында баш байге утту
© Фото / Alemlere Rahmet Kısa Film FestivaliАталган сынакка 65 өлкөдөн 568 кыска метраждуу тасма катышкан
Аталган сынакка 65 өлкөдөн 568 кыска метраждуу тасма катышкан - Sputnik Кыргызстан
2/3
Аталган сынакка 65 өлкөдөн 568 кыска метраждуу тасма катышкан
© Фото / Alemlere Rahmet Kısa Film FestivaliАнын ичинен Нурланбек уулунун эмгеги "Эң мыкты даректүү тасма" сыйлыгына татыган
Анын ичинен Нурланбек уулунун эмгеги Эң мыкты даректүү тасма сыйлыгына татыган - Sputnik Кыргызстан
3/3
Анын ичинен Нурланбек уулунун эмгеги "Эң мыкты даректүү тасма" сыйлыгына татыган
1/3
Кыргызстандык режиссёр Айкөл Нурланбек улуунун "Мээрман" кыска метраждуу даректүү тасмасы Стамбулда өткөн "Ааламдарга ырайым" эл аралык кинофестивалында баш байге утту
2/3
Аталган сынакка 65 өлкөдөн 568 кыска метраждуу тасма катышкан
3/3
Анын ичинен Нурланбек уулунун эмгеги "Эң мыкты даректүү тасма" сыйлыгына татыган
Аталган сынакка 65 өлкөдөн 568 кыска метраждуу тасма катышкан. Анын ичинен Нурланбек уулунун эмгеги "Эң мыкты даректүү тасма" сыйлыгына татыган.
"Канн кинофестивалында сыйланган франциялык режиссёр, сценарист жана актёр Оливер Лакс менен сүйлөшкөндө "Мээрман" фильмине "мен көргөн мыкты даректүү тасма" деген баасын берди. Ал бул фестивалда калыстар тобунун төрагасы болгон. Тасманы жаратууга салым кошкон чыгармачылык топко ыраазычылыгымды билдирем", — деди Нурланбек уулу.
"Ааламдарга ырайым" — абройлуу эл аралык кинофестивалдардын бири. Быйыл 22-27-ноябрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында жетинчи ирет өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, Айкөл Нурланбек уулунун "Мээрман" киносу буга чейин "Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалары" фестивалында үчүнчү орунга татыган.
Андан мурда Бишкекте өткөн “Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалар өлкөсү” фестивалында "Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” сыйлыгына ээ болгон. "Үмүт" КМШ өлкөлөрүнүн жаш киночулары форумунун улуттук сынагында "Мыкты тасма" аталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0