Кыргыз маданиятынын "князы" Эрнис Турсунов тууралуу 15 факт

© Фото / из семейного архива ТурсуновыхПереводчик, прозаик, народный поэт КР Эрнис Турсунов
Переводчик, прозаик, народный поэт КР Эрнис Турсунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2021
Жазылуу
Эл арасында "князь" деген атка ээ Эрнис Турсунов чындыгында кыргыз маданиятынын "князы" эле. Жүрүш-турушу княздай бул адам кандай гана топ болбосун, көпчүлүктү эрудициясы, билимдүүлүгү менен тартып алчу, чыныгы сөз устаты – чечен болгон.
Улуттук салтты, маданиятты төкпөй-чачпай айтып, ар бир кишинин өмүрүндөгү майда деталдарды да тактап берип турчу. Биз бүгүн кайталангыс инсан, көп кырдуу талант, котормочу, прозаик, Кыргыз Республикасынын эл акыны Эрнис Турсунов тууралуу 15 фактыны сунуш кылабыз.
Туулган жери башка жазуучулардан айырмаланып турат. Кыргыз жазуучуларынын дээрлик көпчүлүгү айыл-кыштактарда, карапайым үй-бүлөдө туулган болсо, Эрнис Турсунов 1935-жылдын 24-августунда Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасынын борбору Фрунзе шаарында интеллигенттердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.
Атасынын фамилиясын албай калган. Атасы Серкебаев Нурдин деген киши болгон. Москвадагы эл чарбасын пландоо окуу жайын бүтүп, Кыргызстан мамлекеттик басмасында директор болуп турганда сталиндик репрессияга кабылган. Социал-туран партиясына мүчө деген айып тагылып, 1938-жылдын 5-ноябрында 28 жашында атылып кеткен. Сөөгү кийин гана азыркы "Ата-Бейиттен" табылган. 
Энеси. Эрнис Турсуновдун апасы Сабира Телтаева-Турсунова 1924-1928-жылдары Москвадан жана Ташкенттен окуган, мугалимдик жана жетекчилик кызматтарда иштеген, өз кезегинде өтө таанымал аялдардын бири болгон. Биринчи күйөөсүнөн кийин ал Кененбай Турсунов деген кишиге турмушка чыккан, бул киши көп жерлерде партиялык комитеттерди башкарган, Кытайда Исхакбек Мониевдин командасында аскердик чалгынчы катары согуш аракеттерине да катышкан. Эрнис Турсунов ушул кишинин фамилиясын алган, себеби ал жылдардагы кырдаал ошондой эле. Ошону үчүн Эрнис Нурдинович Турсунов болуп катталып жүрдү.
Чыгармачылыгы өтө эрте башталган. 12 жашында эле ыр жазууга киришет. 13 жашында 1948-жылдын июнь айындагы "Кыргызстан пионери" газетасына "Ак-Сууга саякат" деген аңгемеси басылат. 15 жашында 1950-жылдын август айындагы "Ленинчил жаш" газетасына "Тынчтык үчүн күрөшөбүз" деген алгачкы ыры жарыяланат. Орто мектепти Фрунзе шаарындагы №5 Пушкин атындагы мектепти аяктаган жана шаарда окуу анын чыгармаларын жарыялап турууга жакшы мүмкүнчүлүк түзгөн. 1952-1953-жылдары Москвадан даңкы таш жарган Ломоносов атындагы университетте бир аз окуйт да, анан окуусун уланта албай кайра Фрунзеге кайтат.
© Фото / из семейного архива ТурсуновыхКайталангыс инсан, көп кырдуу талант, котормочу, прозаик, Кыргыз Республикасынын эл акыны Эрнис Турсунов.
Переводчик, прозаик, народный поэт КР Эрнис Турсунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Кайталангыс инсан, көп кырдуу талант, котормочу, прозаик, Кыргыз Республикасынын эл акыны Эрнис Турсунов.
Жогорку окуу жайын атактуу "58-жылкылар" менен аяктайт. "Атактуу" дегенибиз дал ошол 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 60-жылдарда кыргыз адабиятына батыл кирип, батыл аралашып кеткен Бексултан Жакиев, Ашым Жакыпбеков, Камбаралы Бобулов, Мырзабек Тойбаев, Сейит Жетимишов, Омор Султанов, Жалил Садыков ж.б. кечээги айылдык балдар – ошол кездеги дымактуу жаш жазуучулар аяктайт. Алардын ичинде ордо калаада окуган, орусча жакшы билген Эрнис Турсунов өзгөчө айырмаланып турган. Анан калса студент чагында эле 1956-жылы "Гүл" деп аталган ырлар жана поэмалар жыйнагы, "Достук чыры" аттуу аңгемелер топтому чыгып калган. 60-70-жылдарда анын "Булбул", "Жигиттер", "Бийиктик", "Автопортрет" деген жыйнактары жарык көрүп, чыныгы атуулдук лириканын чебери экендигин көрсөттү. Ал дүйнөлүк акындардын мыкты тажрыйбаларын колдонду жана алардын жакшы жактарын кыргыз ыр өнөрүнө аралаштырды. Ал ырларда өзүн, өзүнүн дилин калтырып кетти...
Искусство тармагында иштеп калды. Окууну бүткөн соң ал 1958-1960-жылдарда Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинде искусство иштери боюнча башкы башкармалыктын начальнигинин орун басары, репертуардык комиссиянын башкы редактору болгон. 1960-1961-жылдарда "Кыргызфильм" киностудиясынын сценарий бөлүмүнүн начальнигинин орун басарлыгын аркалап, көркөм өнөр тармактарында иштеп, чыгармачылыгын да ошол тармактарга бурат. Ушундай карьера жасап туруп эле... 
© Фото / из семейного архива ТурсуновыхЭрнис Турсунов жубайы Жамила Исмаилова менен.
Переводчик, прозаик, народный поэт КР Эрнис Турсунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эрнис Турсунов жубайы Жамила Исмаилова менен.
Памирге мугалим болуп кетет. Ал жакта Тажик ССРинин Тоолуу Бадахшан Автономиялуу Республикасынын Мургаб районунда мектептерде кыргыз тили жана адабиятынан, орус тили жана адабиятынан сабак берет. "Дүйнөнүн чатырында" төрт жылдай иштейт. Памирде мугалим болуп жүрүп чыгармаларына тема да тапты. 1981-жылы чыккан, балладалардан, новеллалардан, повесттерден турган көлөмдүү китеби "Бадахшан" деп аталат да, кыргыз адабиятынын сүрөттөө объектилеринин чегин бир кыйла кеңейткен. Памирден келип басма, театр, радио тармактарында эмгектенип жүрүп, 1995-жылдан тарта жалаң чыгармачылык менен отуруп үйдө иштеген.
Майрамкан Абылкасымова с мужем и дочерью - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.11.2021
Жазуучуларга жапырт ат коюп. Акын Майрамкан Абылкасымова жөнүндө 11 факт
Кара сөздүн чебери. Анын "Ата Журт" (1989), "Балбай" (2002), "Боронбай" (2003), "Биздин замандын баатыры" (2007) деген романдары, "Ажал айтып келбейт" (2004), "Эл душманы" (2010) деген повесттери жана даректүү баяндары кыргыз прозасына кошулган олуттуу салым болду. Ал мемуардык-биографиялык жанрдын чоң устасы катары коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдырахманов, акын Жоомарт Бөкөнбаев, кавалериялык полктун командири Усупбеков, артисттер Кыдыкеева, Жангорозова, Турсунбаева ж.б. тууралуу таасын ойлорду айткан эмгектерин элге калтырып кетти.
Эң көп чыгарма которгон. Кыргыз көркөм маданиятында бир дагы киши Эрнис Турсуновчо көп чыгарманы кыргызчалаган эмес. Ал, мисалы, Пушкиндин "Евгений Онегин" деген ыр менен жазылган романын оңбогондой татаал онегиндик сап деген формага салып, өзүнө өзү ыраазы болбой отуруп 1977, 1988, 2004-жылдары үч жолу которуп чыккан. Анын котормолорунун айрымдары: Пушкин, "Борис Годунов"; Алигьери Данте, "Кудайдын тамашасы"; Гоголь, "Үйлөнүү"; Некрасов, "Орус жеринде ким жыргайт"; Уильям Шекспир, "Антоний жана Клеопатра"; Бертольд Брехт, "Сычуандагы акпейил адам"; Назым Хикмет, "Махаббат баяны" ж.б. 2004-жылы чыккан "Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы" деген көлөмдүү китепке анын котормосунда 75 автордун чыгармалары кирген. Балким кыргыз котормо өнөрүндө мындай байманалуу иштеген киши мындан мурда да болгон эместир, ким билет, мындан кийин да болбостур. Айтуудан кайсыл бир акындын китептери басма планына кирип, аны которгон киши бүтүрө албай жатса, басмадагылар Эрнис Турсуновго берип, котортуп алышчу экен. 
© Фото / из семейного архива ТурсуновыхАдабияттын алптары. Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев (солдо) менен Эрнис Турсунов.
Переводчик, прозаик, народный поэт КР Эрнис Турсунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Адабияттын алптары. Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев (солдо) менен Эрнис Турсунов.
Ыйык китептерди да кыргызчалаган. Таң калыштуусу, ушунча адабий котормолордон тышкары ал мусулмандардын ыйык китеби "Куран" менен христиандардын ыйык китеби "Библияны" кыргызчалатып берген. "Куранды" орусчадан которгон соң (1991) ал котормону түрк тилдериндеги котормолорго салыштырып, көп жерлерин чечмелеп жазып, он беш жыл иштеп, жаңы варианттагы котормосун даярдап, ага Ислам университетинин мударистери оң баасын берген.
Айтылуу драматург жана жазуучу Мар Байжиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.10.2021
Уулунун артынан жубайы көз жумган. Маданияттын алпы Мар Байжиев тууралуу 9 факт
Элдин эсинен чыкпаган радиомаектери. Анын кыргыз радиосунда өзүнчө күнү (жекшемби), өзүнчө сааты бар эле. Ал уюштурган "Биздин радиотеатр" деген берүүлөр түрмөгү толкунга чыга турган ошол күндү, ошол саатты угармандар чыдамсыздык менен күтчү. Коңур үндүү акын артисттерге окшоп дикциясын келтирип, не бир керемет баяндарды уюштуруп жүрдү. Анын каармандары №5 кыргыз орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы, кыргызча так сүйлөгөн Михаил Алексеевич Рудаков, Москвадан келип кыргыз фольклорун, элдик акындардын чыгармачылыгын изилдеген Медина Богданова, тагдыр кыргыз жерине айдап келген балкар элинин улуу акыны Кайсын Кулиев, кыргыз театрынын таланттары: Бакен Кыдыкеева, Советбек Жумадылов, Жалил Абдыкадыров, Татыбүбү Турсунбаева ж.б. болгон. Уникалдуу эске тутуусу жана тексттерди жаттай билүүсү аны тармактын "тирүү энциклопедиясына" айландырды. Ырчы Дарийка Жалгасынова менен жазган "Триумф жана трагедия" деген китеби жыйырманчы жүз жылдыктагы кыргыз маданиятынын майданында ат салышкан улуу инсандардын бейнесин ачкан табылгыс керемет эстелик болуп калды. Эми андай китепти бизге ким жазып берет деп үшкүрүнүп отурабыз. Көркөм текстти үн кубултуп, кырааттап окуу жагынан алдына адам салдырбаган чеберчилиги бар эле, өзүнүн чыгармаларын окуп гана калбай, "Манастын" 1000 жылдыгында бүтүндөй мааракелик иш-чаралардын жүрүшүн кыргыз радиосунан ушул киши окуп турганын кантип эстен чыгаралы... 
© Фото / из семейного архива ТурсуновыхЭрнис Турсуновдун атасы атасы Серкебаев Нурдин социал-туран партиясына мүчө деген айып тагылып, 1938-жылдын 28 жашында атылып кеткен. Сөөгү кийин гана азыркы "Ата-Бейиттен" табылган.
Переводчик, прозаик, народный поэт КР Эрнис Турсунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эрнис Турсуновдун атасы атасы Серкебаев Нурдин социал-туран партиясына мүчө деген айып тагылып, 1938-жылдын 28 жашында атылып кеткен. Сөөгү кийин гана азыркы "Ата-Бейиттен" табылган.
Драматург жана опералардын либреттолорун жазган. Анын он төрт драмалык чыгармасы сахна жүзүн көрдү, алар: "Ай чырайлуу кыздар" ("Сулуулар"), "Чындык ийилет, бирок сынбайт", "Эрки күчтүүлөр", "Замандаш", "Баш мээси менен", "Байтик баатыр", "Жаныбек казы" сыяктуу драмалары. Кыргыз адабиятында опера үчүн текст жазуу оңбогондой кыйын иш болсо да, мына ошол жанрдын талаптарын өздөштүрүп, "Олжобай менен Кишимжан", "Балбай менен Ормон", "Жусуп Баласагын" операларынын либреттолорун жазып калтырды.
Мүнөзү. Жүрүш-турушу. Эрнис Турсунов сыяктууларды кыргыздар "хандан, бектен кайра тартпайт" деп коёт, ошондой киши болчу. Колу ачык, берешен эле, ал калем акы алган күнү басмадагылар, көчө-көйдө жолуккан тааныш-бейтааныштар бир майрамдап алчу. Мүнөзү кырс, чукул киши болсо да сулуулукту өзгөчө баалачу, адамдын кызматына, даражасына карачу эмес, көп жерде жаштарды, мыкты чыгармаларды колдоп турчу. Ак пейил болгону үчүн үйүнөн конок үзүлчү эмес, чала тааныштарын да жетелеп бара берет эле. Согум сойгондо сөзсүз жазуучуларды, досторун чакырып, чүйгүн тамак бергенди жакшы көрчү. Ошондойлордо өзү сүйлөгөндү жактырчу. Конокту көп чакырса да көп иштечү, көшөрүп иштечү. 
© Фото / из семейного архива ТурсуновыхЭрнис Турсунов үй-бүлөсү менен. Биринчи катарда кызы Рахат. Экинчи катарда солдон оңго Эрнис Турсунов, уулдары Азизбек жана Канат, жубайы Жамиля. Үчүнчү катарда уулу Ногойбек.
Переводчик, прозаик, народный поэт КР Эрнис Турсунов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Эрнис Турсунов үй-бүлөсү менен. Биринчи катарда кызы Рахат. Экинчи катарда солдон оңго Эрнис Турсунов, уулдары Азизбек жана Канат, жубайы Жамиля. Үчүнчү катарда уулу Ногойбек.
Үй-бүлөсү. Жубайы Жамила Исмаилова – атактуу жазуучу Касымалы Бектеновдун кызы. Экөө элүү сегиз жыл бирге жашады, аял катары ал үйдүн бүт түйшүгүн алып, акынды эркине коюп, чыгармаларын гана жазсын деп жүрдү. Уулу Канатбек Турсунов, кызы Рахат Турсунова. Алар, дагы башка балдары болуп көзү өткөн соң кол жазмаларын карап чыгып, 2020-жылы Ысык-Көлдүн жети акесинин кичүүсү тууралуу "Кыдыр акенин баяны", казак окумуштуусу, тилмечи Чокан Валиханов жөнүндө "Хан теңири" деген китептерин чыгарды. Азыр атасынын атында фонд түзүшкөн, музей түзүү аракетинде жүрүшөт. Алардын демилгеси менен анын ысымы Чолпон-Ата шаарындагы бир көчөгө берилди, жашаган үйүнө белги-тактай орнотулду.
Ачык китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.10.2021
Сүйүү аңгемесин аткаминерлер катып окушкан. Орозбек Айтымбетов жөнүндө 12 факт
Борбордо туулса да сөөгү Ысык-Көлүнө коюлду. Эрнис Турсунов Ысык-Көлдү өзгөчө кастарлап, ага эчендеген ырларын арнаган. Фрунзе шаарында туулса да киндик каны тамган жерин Ысык-Көл деп эсептеп, 2014-жылы 11-июнда каза болгондо сөөгү касиеттүү көл боюндагы Таштак айылынан, өзү жыйырма жыл мурда камдап-чоттоп койгон жерден жай тапты. "...Мен турмушта учуп көрдүм куш болуп, мерт да болдум наадандыкка туш болуп... " дегендей, ал көккө да учту, жерге да түштү, негизгиси, кыргыз маданиятына ак кызмат кылып, өмүрүн майнаптуу өткөрдү.
Жаңылыктар түрмөгү
0