Чыгармачылык оргуштап турган ирмем... Океев менен Байжиевдин таберик сүрөтү

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

СССРдин эл артисти, залкар режиссёр Төлөмүш Океев жана КРдин эл жазуучусу, драматург Мар Байжиевдин сүрөтү 1984-жылы Чүй облусунда тартылган.

Ал жылы сүрөттөгү инсандар "Кожожаш" эпосунун негизинде сценарий жазып, "Ак илбирстин тукуму" көркөм тасмасын тарткан.

Ошол кезеңди Төлөмүш Океевдин кызы Азиза Океева мындайча эскерет.

"Убакыттын өтүшү менен бул сүрөткө күбө болгондор бул дүйнө менен кош айтышууда. Алардын артында биз, уул-кыздары калдык. Аларды дайыма эстеп, эскерип турабыз. Менимче, бул сүрөт мындан 40 жыл мурда "Ак илбирстин тукуму" фильминде тартылган. Атамдын да, Мар агайдын да күүлүү-күчтүү, чыгармачылыгы оргуштап турган кездери болчу. Алар кийип тургандай шляпалар ал кезде мода болчу жана жакшысын оңой менен таба алчу эмессиң. Анан атам бутуна альпинисттердин ботинкасын кийип жүргөнүн көрүүгө болот. Ошол кинону жаратууда кыргыз альпинисттери чоң эмгек жасаган. Мар агай менен атам экөөнүн мамилеси жөнүндө сөз кылсам, алар бала кезинен мектепте эле тааныш болгон. Кийин киностудияда чогуу иштешип, ал редактор, атам режиссёр болду. Үй-бүлөлүк катышта болуп, апаларыбыз да достошуп, балдары чогуу өстүк", — деди Азиза Океева.

Ал жылы Океев менен Байжиев экөө тең 49 жашта болгон. Чыгармачыл инсандар "Алтын күз, "Ак илбирстин тукуму" тасмасында бирге иштешкен.

"Ак илбирстин тукуму" 35тей мамлекеттин көрүүчүлөрүнө сунушталып, Берлиндеги эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына, Минск шаарындагы Бүткүл союздук фестивалда башкы байгеге татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0