09:37 27 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Маданият
Кыскача шилтеме алуу
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (417)
2622 0 0

Кыргыз поэзиясында акын кыздар арасынан өзгөчө ыкмасы, поэтикалык табылгалары менен чыккандардын арасында Майрамкан Абылкасымова болду. Чыгармалары жаштарда мекенчиликти ойготсо, кийин бир катарлары ошол кездеги бийликке жакпай калды.

Sputnik Кыргызстан бүгүн Майрамкан Абылкасымова жөнүндө 11 фактыны поэзия күйөрмандарына сунуштайт. Көзү тирүү болгондо акын Абылкасымова бүгүн 85 жашка чыкмак.

Кеминдин кызы. Майрамкан Абылкасымова 1936-жылы 7-ноябрда туулган. Бул күн ал мезгилде 1917-жылдагы Октябрь революциясынын күнү катары белгиленчү да, майрам күнү туулганы үчүн атын Майрамкан коюшкан. Кемин районуна караштуу Жаңы-Алыш айылында жарык дүйнөгө келгендиги расмий айтылып жүрөт. Ал эми анын айылы тоо тарапта ыйык булактар, жапайы алча-алма, кооз гүлдөр өскөн Кызыл-Суу деген жер. Акындын киндик каны ошол айылда тамган. Бул айылда жамгыр жааганда суу кызгылт болуп шоролонуп акчу, ошого Кызыл-Суу деп коюшчу. Апасы 25 жашында төрөттөн кайтыш болуп, Бурул деген сиңдиси менен энеден эрте калып, бирок анысын билдирбей, элдик нарк-нусканы жакшы билген чоң атасы менен чоң энеси "канаттууга кактырбай" чоңойтот. Чоң атасы аны "бийлебе", "артист болбо", "андан көрө Калыгул бабаларың сыяктуу ыр жаз" деп көп айтчу экен. Кадимки Жаңыл Мырзадагы Түлкү баатырдын урпактарынан. Атасы Абылкасымды Атакенин чебереси, Сайлык айылында мектеп ачып, советтер чыкканда эл душманы катары атылып кеткен Мамбеталынын уулу Дүр тарбиялаган.

Чыгармачылыгы өтө эрте башталган. Кичине чагында тентек кыз болгон, балдар менен да урушуп-талашып өсөт. Класстын "атаманы" эле. Мектептин дубал гезитине ырлары 3-классынан эле чыга баштап, айылда болгон окуялар тууралуу "Алымкулдун короосунда" аттуу пьесасы 5-классында жазылып, сахнада да коюлган. Ошентип чыгармачылык менен "ооруп" калган кыз айылдагы жети жылдык мектепти бүтүрөт. Фрунзеге келип кыздар педагогикалык окуу жайына кирет, ал кезде бул окуу жайы кыздарды кучак жая тосуп алып, бекер жатакана, билим жана тарбия берчү. Ошол жерде окуп жүргөндө, 1952-жылы, он алты жашында "Жеңишбек" деген ыры басылып, ал окуя ышкысын андан бетер козгойт. 1953-жылы окуу жайын бүтүрүп, ал жерден мыкты бүтүргөн кыздарды Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институту дароо эле кабыл алчу, ал окуу жайынын филология бөлүмүнө кирет да, аны 1958-жылы аяктайт. 

© Sputnik / Юрий Иванов
Кыргыз поэзиясында акын кыздар арасынан өзгөчө ыкмасы, поэтикалык табылгалары менен чыккандардын арасында Майрамкан Абылкасымова болду.

Аалы Токомбаевге жолукканда... Фрунзедеги педагогикалык окуу жайында окуп жүргөндө мектепте жазган ырларын көтөрүнүп алып, Дзержинский саябанында жашаган атактуу акындын үйүнө кирип барат. Тартынбаган жалындуу кыз да, анан калса анын жердеши экенин билет. Акын Аалы Токомбаев кызды жакшы тосуп алып, дептерин барактап, бир-эки ырларын окутуп угат. Дептердин актай жерине Анна Ахматова, Марина Цветаева, дагы башка аял акындардын аттарын жазып коёт. Аларды окуу керектигин, дүйнөлүк жана орус адабиятын өздөштүрүү зарылдыгын, жалаң эле этиштер менен уйкаш курбай, зат атоочтор менен да уйкаштык түзүү жагын байытууну насааттайт. Кийин Токомбаев менен ата-кыздай жакшы мамиледе жүрөт.

Оштогу жылдар. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктаган соң таланттуу кыз өзү каалаган ишке – адабий кызматкерликке чегерилип, Ош облустук "Ленин жолу" гезитине жумушка орношот. Ал жерде эки жылдай иштеп, Ош мамлекеттик педагогикалык институтуна окутуучулукка которулат. 1962-жылга чейин түштүк борбордо жашап, иштеп, эл-жер көрүп, жалындаган жаштык сезим менен сугарылган ырларын жазат. Ошол Ош жылдарында анын биринчи жыйнагы "Кичинекей досторго" (1961), экинчи жыйнагы "Чолпон" (1962) деген аттар менен чыгып, окурмандар кыргыз поэзия талаасында бир кооз гүл ачылгандыгына күбө болду. 

"Алтымышынчылардын" көч башында жүргөн. Совет адабиятынын тарыхын изилдөөчүлөр өткөн кылымдын 60-жылдарында поэзияны жаңыртып, "эстрадачы" деп атыккан Евгений Евтушенко, Роберт Рождественский, Белла Ахмадулина, Андрей Вознесенский ж.б. акындардын катарын кыргыз адабиятында толуктагандардын бири Майрамкан Абылкасымова болгондугун айтып келет. Жогорудагы акындар концерттик залдарга, аянттарга, көчөлөргө чыгып алып, пафосу күчтүү, эркин жана ак ырларды окуп, элди өзүнө аябай тартып алган. Ушул мезгилде акындын "Быйыл жаздын гүлдөрү көп" (1965), "Ишеним дайым жүрөктө" (1968), "Аскар" (1970), "Ата журт" (1973), "Сен билесиң, мекеним" (1973), "Менин бүтпөс ырларым" (1977) аттуу поэтикалык жыйнактары жарык көрүп, "кыздар поэзиясынын жана советтик кыргыз поэзиясынын оригиналдуу өкүлү" деген баага жетишти. Анын ырларындагы тунук лиризм, эпика менен лириканын гармониясы, уйкаштыктын эркиндиги дароо окурманды өзүнө тартып алган. Салттуу ыр түзүлүшүндөгү ырлар менен катар салтсыз, башкача айтканда, ритмикалык жаңы өлчөмдөгү, эркин ыр формасындагы чыгармалары көбөйгөн. 

Майрамкан Абылкасамова осматривает пастбище с Камчытбеком Максутовым
© Sputnik / Мамадалиев
Майрамкан Абылкасымованын ырларындагы тунук лиризм, эпика менен лириканын гармониясы, уйкаштыктын эркиндиги дароо окурманды өзүнө тартып алган.

"Эстелик сүйлөйт" – кыргыз адабиятындагы урунттуу чыгармалардын бири. Согуш жана тынчтык темасын ачууда Майрамкан Абылкасымованын "Эстелик сүйлөйт" поэмасы өзгөчө орунда. Анын "эч ким, эч качан унутулбайт" деген элдик учкул сөздү негиз кылып алып, согушта курман болгондордун баарын аларга коюлган эстеликке символдоштурат. Жоокерлердин Ата Мекен алдындагы баа жеткис эмгектерин, жүрөктөрдөгү түбөлүккө сакталууга тийиш болгон ысымдарын даӊазалоого бардык поэтикалык мүмкүнчүлүктөрүн жумшайт. Акын көркөм сөздүн күчү менен таш эстеликти жандандырып, аны менен бетме-бет сүйлөшөт. Солдаттын образы Ата Мекен, эл алдындагы кол жеткис бийиктикте турарын, жүрөктөрдүн тереӊинде сакталарын айтат. Поэманын жаштарга бере турган таалим-тарбиясы жогору. Жаш муундарды өз Мекенин сүйүүгө, коргоого тарбиялайт. Ошондой эле азыр да ар бир айылда жоокерлерге коюлган эстеликтер бар. Ал эстеликтерге акын белгилегендей, "тирүүдөй" мамиле кылуу, камкордук көрүү, анын айланасын гүлзарга айландыруу ар бириӊердин милдетиӊер, анткени алар өздөрүнүн кырчын өмүрүн силердин келечегиӊер үчүн арнашкан деген мекенчилдик идея сиңдирилген. "Эстелик сүйлөйт" поэмасы "Сен билесиң, мекеним" аттуу чыгармасы жана "Ишеним дайым жүрөктө" деген ыр жыйнагы акынга 1970-жылы Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты деген наам алып келди. Өз кезегинде бул чоң сыйлык болуп, аны алган автор адабияттын төрүнө өтө баштачу. Анан көп ырлары, аталган поэмалары орус тилинен башка англис, француз, казак, монгол, немец, поляк, украин, болгар ж.б. тилдерге которулат.

"Гүлдөр суу сурайт" жана "Үшүк" – чыгармачылык жаңы бийиктиги. Акындын поэтикалык дүйнөсүндө ушундай аталыштар менен чыккан жыйнактары да өзгөчө маанилүү. 1984-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон "Гүлдөр суу сурайт" жыйнагы аялзатынын назик дүйнөсүн кылдат ачып берген чыгармалардан турат. 2001-жылы чыккан "Үшүк" деген жыйнагы ошол доордун азаптуу күндөрүн таамай чагылдыргандыгы менен элге жакса, президент Аскар Акаевдин командасына жакпай калган. Китепте "Жаныш, Байыш, Курманбектер аз чыгар, Чолпонбайлар, Дүйшөнкулдар өспөдү, көп жигиттер эл мүдөөсүн унутуп, мансап, арды тартып жүрөт көк бөрү" дегендей үшүгөн замандын трагедиялуу образын жараткан.

Жолдошу – комсомолдук кызматкер, милициянын жетекчиси, котормочу. Сагын Наматбаев менен басманын кассасында гонорар алып жатып таанышат, жоош келген, жетим өскөн, атактуу №5те окуган, окуганда да Байдылда Сарногоев менен чогуу окуган бул жигитти чоң атасына көрсөтсө эле ал кишиге жагып, экөө баш кошот. Сагын Наматбаев 1958-жылдан комсомолдук, партиялык кызматтарда иштеп, 1972-1984-жылдарда Кыргыз ССРинин ички иштер министринин орун басары кызматтарын аркалаган, Гарсиа Маркестин, Конан Дойлдун, Агата Кристинин, Василий Шукшиндин, Тулепберген Кайипбергеновдун, Рустам Ибрагимбековдун ж.б. классиктердин чыгармаларын кыргызчага которгон, 1985-жылдан "Кыргызстан маданияты" жумалыгынын, 1988-жылдан "Мектеп" басмасынын редакцияларына жетекчилик кылган. Экөө чыгармачылыкта эриш-аркак болуп жүргөн. 

Панихида по народному поэту Майрамкан Абылкасымовой в здании театра оперы и балета имени А. Малдыбаева в Бишкеке
© Фото / пресс-служба МКИСМП КР
Акын Майрамкан Абылкасымова 2021-жылдын 16-октябрында 84 жаш курагында каза болду.

Ылакап ат коюунун устасы болгон. Майрамкан Абылкасымова көптөгөн калемдештерин ар тараптуу кылдат сындап, аларга ылакап ат коюу жагынан да таанымал болгон. Жазуучу Кеңеш Жусуповду "Кеша Тихий", адабиятчы Салижан Жигитовду "Саша Лысый", акын Жолон Мамытовду "Жорка Сытый", драматург Бексултан Жакиевди "Петя Буйный", жазуучу Кубатбек Жусубалиевди бою узун болгону үчүн "Куркут" деп коё турган. Өзүнө болсо ал кезде кыргыз аялдары көп кийбеген шляпа менен шымды улам бирден алмашып кийип жүргөнү үчүн "Маргарет Тэтчер" деп Англиянын ошол кездеги премьер-министрине салыштырчу. Көп чет элдик жазуучулар аны "Дикая киргизка", "Царица праздников" деп атап коюшса, кыргыздар Майрамкүл деше турган.

Атактуу жазуучулар менен чогуу жүргөн. Ал СССР Жазуучулар союзунун Москвадагы жыйындарына мезгил-мезгили менен барып турчу. Ошондо Валентин Распутин, Василий Шукшин, Андрей Белов сыяктуу адабияттын алптары менен достошуп жүрдү. Алар менен Москвада пиво ичкен, кийин үчөөнү Сагын Наматбаев экөө Ысык-Көлгө чакырып конок кылган, атактуу акын Римма Казакова менен достошуп, ал акындын ырларын орус тилине которгон. Киноактёр Сүймөнкул Чокморов, кинорежиссёр Төлөмүш Океев да досторунан болгон. Айрым орус жазуучулары менен жазышкан каттары али да сакталып турат.

Тарыхый инсандар кызыктырып, эпикалык чоң чыгармаларга киришкен. Соңку жылдарда Түлкү баатыр тууралуу поэма, киносценарий жазган, Курманжан датканын арманын ырга айланткан. Атаке тууралуу Кайрат Иманалиев менен өнөктөш болуп пьеса жазып, ал 2004-жылы коюлган. Ушул чыгарма себеп болуп, 2005-жылы III даражадагы Манас ордени менен сыйланган. Өмүрүнүн соңунда бутунан өйдө тура албай, беш жылдай жатып калып, 2021-жылдын 16-октябрында 84 жаш курагында каза болду.

Тема:
Кыргыздын көркөм өнөрү, белгилүү инсандары жөнүндө фактылар (417)

Тема боюнча

"Кыздын сыры" менен багы ачылган Өскөн Даникеев. Жазуучу тууралуу 11 факт
Кыргыздар кыр көрсөтүп, казактар баалап. Музыка жыйноочу Затаевич жөнүндө 9 факт
Белгилер:
Кыргызстан, Майрамкан Абылкасымова, акын, котормочу

ЭҢ МААНИЛҮҮ