Кыргыз киносуна жол салган Мелис Убукеев менен Кадыржан Кыдыралиев. Таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Камеранын жанында отурган белгилүү кинорежиссер Мелис Убукеев, кинооператор Кадыржан Кыдыралиев жана башка киночулардын сүрөтү 1964-жылы "Кыргызфильмдин" павильонунда тартылган.

Ал жылы Убукеев менен Николай Рожков жазуучу Мукай Элебаевдин "Бороондуу күнү", "Узак жол" чыгармаларынын негизинде сценарий жазып, "Тайгак кечүү" тасмасын тартууга киришкен. Операторлук кызматты Кадыржан Кыдыралиев аткарган.

Ошол кезеңди Мелис Убукеев көзү тирүү кезинде мындайча эскерген.

"60-жылдары Кадыржандын чыгармачылыгы оргуштап турган учур болчу. Ал эмгек жолунда чарчап-чаалыктым деген жок. "Тайгак кечүүдө" экөөбүз тең жаш болчубуз. Башкы ролду ойногон Шайырбек Көбөгөнов 17де эле. Экөөбүздүн тең алгачкы көркөм тасмабыз, менин дипломдук ишим. Фильмди камерага түшүргөндө ак кар баскан тоону аралап, суукта кийим-кечебиз суу болуп, кокту-колот, карагайлуу токойду жөө аралап, азапты көрүп тартканбыз. Кадыржан менен ошол кезде иштешкенимди азыр кубануу менен эстейм. Кийин аны Төлөмүш Океев "Бакайдын жайытына" чакырып жолдорубуз өз-өзүнчө кетип, мен бир топ башка операторлор менен иштештим. Бирок ошол жылдары дайыма мага жан дүйнөсү бай, мыкты сүрөтчү, өз ишинин майын чыгарган Кадыржан жетишпей жүрдү", — деп жазган Убукеев.

Ага чейин киночулар "Тоо дарыялары" даректүү тасмасында да иштешкен. "Тайгак кечүү" тартылган жылы Убукеев 29, Кыдыралиев 26 жашта эле.

Съемки фильма Улица Геннадия Базарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.09.2021
Жапжаш Базаровду курчаган сулуу кыздар. "Көчөдөгү" таберик сүрөт
Үркүн убагында Кытайга качып, кийин өз мекенине кайткан жаш жигиттин тагдыры жөнүндө баяндаган эмгекте Шайырбек Көбөгөнов, Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Болот Бейшеналиев, Советбек Жумадылов, Калича Рысмендеева жана болочоктогу белгилүү режиссёр Төлөмүш Океев роль жараткан.

Аталган кинокартина кыргыз улутундагы режиссёр тарткан толук метраждуу туңгуч көркөм тасма болуп саналат. Ал 1965-жылы көрүүчүлөргө сунушталып Алматы шаарында өткөн эл аралык фестивалда мыкты фильм деп табылган. Бакен Кыдыкеева "Аялдын ролун мыкты аткарганы үчүн" номинациясына ээ болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0