Устаттарын ээрчип жетилген Актан Арым Кубат. 32 жыл мурунку таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

КРдин эл артисттери Геннадий Базаров, Актан Арым Кубат жана Манас Мусаевдин сүрөтү 1989-жылы Каракол шаарында тартылган.

Ал жылы сүрөттөгү инсандар "Айың" көркөм фильмин тартып, Базаров режиссер, Арым Кубат сүрөтчү, Мусаев операторлукту аркалаган.

Режиссер, сценарист Актан Арым Кубат ошол мезгилди мындайча эскерет:

"Эки таланттуу инсан менен "Приют для совершеннолетних", "Айың" кинокартинасында сүрөтчү болуп иштешкем. Геннадий Садыровичти мен өзүмдүн мастерим деп койчумун. Кино өндүрүшүн мыкты билет, күчтүү уюштуруучу. Мен режиссерлук боюнча жогорку билим албагандыктан жана жаш болгондуктан көп нерсени ошол кишиден үйрөндүм. "Кыргызфильмде" сүрөтчү-декоратор, костюмдар боюнча сүрөтчү, режиссердун ассистенти болуп, кино аянтчасынан тажрыйба топтоп жүрүп такшалдым. Ошол жактан режиссерлукка кадам таштап, өзүмдүн биринчи даректүү "Жолбун ит" кинокартинасын тарткам. Чыгармачылыкта Манас Мусаев менен да иштештим. Негизи тасма тартууда сүрөтчү менен оператор тыгыз иш алып барат. Сүрөтчү катары эскиздерди, костюмдарды жасап, керектүү сүрөттөрдү тартып, чоң декорацияларды тургузчубуз. Керек болсо кино тарта турчу үйдүн ичи-сыртын сырдап, оңдоп жиберчүбүз. Ал кезде Базаров, Мусаев келе жатат дегенде аябай күтчүбүз. Мен сыяктуу жаштар үчүн алар кол жеткис жылдыздар болчу, режиссер, операторлордун кадыр-баркы жогору эле. Экөө тең менин күчтүү устаттарым", — деди режиссер.

Анда Геннадий Базаров менен Манас Мусаев 47, Актан Арым Кубат 32 жашта эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0