Россияда киного тартылган мигрант Нурбол: режиссёр Добрыгин мени окутарын айтты

© Фото / предоставлено Нурболом Кайрат уулуКурьер Нурбол Кайрат уулу, снявшийся в фильме "На близком расстоянии"
Курьер Нурбол Кайрат уулу, снявшийся в фильме На близком расстоянии  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
Москвада курьердик кызматта иштеген 20 жаштагы Нурбол Кайрат уулу россиялык режиссёр Григорий Добрыгиндин "На близком расстоянии" тасмасына тартылган. Андан соң кыргызстандык жигитти режиссер издеп жатканы айтылган эле.
Sputnik агенттигинин кабарчысы Нурболду таап, тасма, жараткан ролу, Москвадагы жашоосу тууралуу маектешти.
"На близком расстоянии" фильми пандемия жана жалгыздык тууралуу болуп, анда адамдардын эпидемиологиялык мезгилдеги мамилеси көрсөтүлөт. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган тасмага тартылган кыргызстандык Нурбол Кайрат уулу менен байланышып маектешкен.
— Сиз тартылган "На близком расстоянии" фильминин тизерин (үзүндүсүн) көрдүк. Ал жакта мигрант жигиттин ролун аткарыптырсыз. Кандайча чакырып калышты?
Россиянын Пятница телеканалындагы Кондитер теледолбоорунун бешинчи сезонунун жеңүүчүсү Анара Мурзакулова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
"Кондитердин" жеңүүчүсү Анара: миллион рублди эмнеге короторумду чечтим
— Москвада иштеген курьерлердин социалдык тармакта ачылган жалпы чаты бар. Анда ар ким билбеген же өзүн кызыктырган суроолорду берип, бири-бирибизге жардам берип турчубуз. Жумушта жаралган маселелер жана даректи кантип табуу тууралуу да баарлашчубуз. Мен да өзүм билген маалыматтар менен бөлүшүп турчумун. Анан ал топто эмнегедир режиссёр Григорий Добрыгин да бар экен. Алгач ал киши менин аватаркада турган сүрөтүмдү көрүп, тасмадагы мигранттын ролуна туура көрүп, анан мени менен байланышты.
— Дароо эле жолугууга чакырыштыбы?
— Жок. Алгач социалдык тармактан сүйлөшүп, тасма тууралуу маалымат берип, анын сюжетин кыскача түшүндүрүп беришти. Баарын түшүндүргөндөн кийин анан менин макулдугумду сурашты. Албетте, дароо эле макул болдум.
— Фильмде сиз менен башкы ролду аткарган актриса Ксения Раппопортту таанычу белеңиз?
— Жок, таанычу эмесмин. Кастингге барып, көп актрисалар менен өнөктөш катары кинодогу ролдорубузду аткарып көрдүк. Акырында режиссёр кайсы актриса менен ойноо мага жеңил, ыңгайлуу болгондугун сураганда мен Ксенияны (Ксения Раппопорт — ред.) тандадым. Андан кийин гана ал көп кинолордо ойногон белгилүү актриса экенин билдим. Экөөбүз абдан тез тил таап, көнүшүп кеттик. Аны менен бирге фильмге тартылуу мага абдан жеңил болду. Ксенияны тандаган дагы бир себебим, мага абдан таланттуу жана жагымдуу көрүндү. Кийин ойлогондой эле түшүнүшүп, оңой иштешип кеттик.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Ксения Раппопорт (@kseniarappoport)

— Мурда тасмага тартылып көрбөгөн соң алгач коркунуч, толкундануу болсо керек?
— Ооба, башында камерага көнө албай кыйналдым. Кино тартуучу топтон да тартынып жаттым. Андан кийин баары шар эле жүрүп кетти. Кино тарткан команда да өтө күчтүү, кесипкөйлөр экен. Баарынын мага болгон адамгерчиликтүү мамилеси жакты. Тартылуу маалында баары колдоо көрсөтүп, жардам берип жатышты. Ошол себептен бул чөйрөгө чочуркабай тез аралашып кеттим. Аларга рахмат айтам!
— Акы төлөө жагы кандай болду?
— Гонорар алдым. Бул жагынан да таарыныч болгон жок.
— Сизди режиссёр Григорий Добрыгин издеп жүргөнүн жакында эле "Вечерний Ургант" теле берүүсүндө айтты эле. Жолуктуңузбу?
— Ал киши менен 20-октябрда жолугуп, "На близком расстоянии" тасмасынын бет ачарына бирге барып келдик. Эмнеге жолугуша албай жүргөнүбүз режиссер экөөбүздүн ортобузда эле калсын.
— Фильмдин бет ачарында экрандан өзүңүздү көрүп кандай абалда болдуңуз?
— Башкача бир толкундандым. Экрандан өзүмдү көрүп отуруп, ар кандай эмоцияларга кабылдым. Айрым жерлеринен уялдым, сүйүндүм, күлкүлүү кадрларын көрүп боорум эзилип күлдүм. 
© Фото / предоставлено Нурболом Кайрат уулуНурбол Кайрат уулу: экрандан өзүмдү көрүп отуруп, ар кандай эмоцияларга кабылдым. Айрым жерлеринен уялдым, сүйүндүм, күлкүлүү кадрларын көрүп боорум эзилип күлдүм.
Курьер Нурбол Кайрат уулу, снявшийся в фильме На близком расстоянии  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Нурбол Кайрат уулу: экрандан өзүмдү көрүп отуруп, ар кандай эмоцияларга кабылдым. Айрым жерлеринен уялдым, сүйүндүм, күлкүлүү кадрларын көрүп боорум эзилип күлдүм.
— Мындан ары киного тартылуу ниетиңиз барбы?
— Ооба, дагы киного тартылуу ниетим бар. Режиссёр Добрыгин актёрдук жаатында билим алгым келер-келбесин сурады. Ага окугум келерин айтсам, Москвадагы окуу жайлардын бирине актёрдук чеберчилик жаатында окууга киргизүүгө жардам берерин билдирди. 
— Москвада иштеп жүргөнүңүзгө канча жыл болду? Баргандан бери эле курьер болуп иштейсизби?
— Москвага эки жыл мурда келгем. Өзүм Ош облусунун Кара-Кулжа районунан болом. Россияга келгенден бери эле көбүнчө курьердик кызматта иштедим. Азыр деле курьер болуп иштеп жатам. Үйдө беш бир туугандын ортончусумун.
— Ата-энеңиз фильмге тартылганыңызды кандай кабыл алды?
— Абдан сүйүнүштү. Учурда атам Астанада иштейт. Негизи мен да Астанада төрөлгөм. Апам ден соолугуна байланыштуу азыр Кыргызстанда.
— Алдыда кандай максаттарыңыз бар?
— Мен негизи тил үйрөнүп, дүйнөнү кыдыргым келчү. "На близком расстоянии" фильминин бет ачарында россиялык режиссёр, продюсерлер менин кинодо ойногонумду мактап, жакшы ойлорун билдиришти. Алар да кааласам ушул жаатта билим алуума жардам беришерин айтышты. Бул тууралуу да ойлонуп жатам.
Жаңылыктар түрмөгү
0