Кыргызстанда якутиялыктар фильм тартты. Сүрөт

© Фото / PexelsПроцесс съемок кинофильма
Процесс съемок кинофильма - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2021
Жазылуу
Картинанын премьерасы 2022-жылы болот деп айтылды. Фильмге Nomad Stunts кыргыз-казак командасынын каскадерлору катышкан.
БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Кыргызстанда якутиялыктардын "Хаар Кынат" фильмин тартуу иштери аяктады. Бул туурасында "Якутия24" агенттиги кабарлады.
Этно-фэнтези жанрындагы бул киного Марианна Сиэгэн режиссерлук кылган. Окуя мындан бир топ жыл мурдагы мезгилдерди баяндайт. Хаар Кынат аттуу жетим бала таасирдүү кишинин Айкуо аттуу кызын сактап калат.
"Фильм пандемиядан улам бөлүк-бөлүк болуп тартылды. Финалдык блок Кыргызстандын кооз жерлеринде тасмага түштү. Мен урматтаган адам, "Кыргызфильмдин" башкы директору Акжолго уюштуруу иштерине көмөк көрсөткөнү үчүн ыраазылык билдирем", — деп жазган режиссер Марианна Сиэгэн Instagram баракчасына. 
Маалыматта экшн учурларды Жайдарбек Кунгужинов башында турган Nomad Stunts кыргыз-казак командасынын каскадерлору жараткан.
Netflix представил трейлер болливудского боевика, снятого в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2020
Netflix Кыргызстанда тартылган Болливуд боевигинин трейлерин жарыялады
"Бул такыр унутулгус болду. Ал жерлер биздин жүрөктө түбөлүккө калат! Ушунчалык көп тажрыйба топтодук, бизге окшоп ишине катуу берилген досторду таптык. Алар менен келечекте дагы кызматташабыз", — деп кошумчалаган Марианна.
Якутиянын өзүндө фильмди Хангалас районундагы Булуус мөңгүсүндө жана Чочур Муран дөбөсүндө тартышкан. Атайын ар кыл көлөмдөгү якут элинин улуттук алачыктары тигилип, якуттардын XII кылымдагы жашоосун жакындатып бергенге аракет кылышкан.
Картинанын премьерасы 2022-жылы болору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0